«КРда АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ KYWRAW ТАРМАГЫ ХАРАССМЕНТКЕ КАРШЫ МААЛЫМАТТЫК КАМПАНИЯНЫ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ!»
«Жумуш орундарына зордук зомбулукту жана асылууну жоюу боюнча маалыматтык сессия Кара-Буура райондук Субанбаев атындагы ооруканада ҮДТ тобуна өткөрүлдү.
Маалыматтык сессияга дарыгерлер, мед айымдар ар бир айыл аймактан жалпысынан 40 адам катышты.
Харассмент деген эмне? Ал кайсы учурда кездешет? Кандай түрлөрү бар? ж.б. деги эле
Ыдык көрсөтүү «харассмент» боюнча кеңири маалымат алышты.
Ыдык көрсөтүү — бул кылмыш ал үчүн мыйзам иштеш керек деген ойлорун сунуштарын айтышты.
Бул ишти бир гана маалымат менен ишке ашыруу мүмкүн эмес, ал үчүн жабыла журт бирге иш алып дагы да болсо жер жерлерге, иш берүүчүлөргө, кызматкерлерге, окуу жайларга, мектептерге, толук кандуу маалымат берилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп аркылуу жеткирилсе деген сунуш пикирлерин билдиришти.
Маалыматтык сессия өз ишин ийгиликтүү аяктап келген коноктор ыраазычылыктарын билдиришти.