Бакай Ата конушунун уй-булолук зомбулукту токтотуу комитети

Осмонова Мария — Бакай Ата жаны конушунун уй-булолук зомбулукту токтотуу комитетинин торайымы. Мария Осмонованын жашоодогу девизи: “Ынтымак болсо элимде ырыскы конот жериме, биримдик болсо элимде онугуу болот жеримде!”.  “2019- жылы биздин конушта 13 кишиден турган коомдук алдын алуу борбору тузулуп,   конуштагы зордук зомбулукту чыр чатакты алдын алуу бойунча иштей баштаганбыз. 2020-ж. конуштун аксакал соту, аялдар комитети,медайым, участкалык милиция жана башкалар биригип Уй-булолук зомбулукту токтотуу комитетин туздук. 2020 жылы уй булоолук зордук зомбулукту алдын алуу комитети тузулгондон баштап эле, бизге арыздар тушо баштады. 

Биздин комитет тушкон арыздарды карап, талдоо жургузобуз, ар бир уй булоо мучосуно кылдаттык менен мамиле кылып, зордук зомбулукту алдын алуу боюнча иштеп, коптогон жетишкендиктерге жетиштик.  Кээ бир зордук зомбулук болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматы зарыл,анткени биздин укугубуз алсыз чектелуу болуп калат. Участкалык милициянын жардамы менен уй-булолорду элдештирип, зомбулук болгон учурда коргоо ордерин алып берип, Аялдарды колдоо борборунун коопсуз жайына жайгаштырдык. Ковид 19  убагында, эл карантинде отуруп калганда, жашоо катаал жагына оой баштады, тамак аш тартыш болуп, кунумдук тамагын болсо дагы таап жеп жаткан жарандарыбыз, кандай оокат кылыштын жолун таппай туйукка камалгандыктан, кээ бир уй булоо мучолору ачууга алдыргандыктан зомбулуктардын саны кобоюп кетти.

Биздин тренингден алган билимибиздин ушундай учурда абдан коп жардамы тийди, коптогон уй булолорду сактап калдык десем жанылышпайм.  Ковид 19 учурунда откон тренингдер, оорудан кантип сактанышты билбей апкаарып калган калкка чон эле жардам берди, эл эн биринчиден тазалык керек экенин билишти.    Кыздардын укугун коргоодогу энелердин орду жонундо октябрь айында ангеме оттук. Конуштагы жакын арада эле уйу орттонуп эч нерсеси жок калган уй булоого жардам сурап, группаларга жазып кетирдик, бир кундун ичинде кийим кече, эмерек, азык тулук, баардык керектуу нерселер мене жабдылды. Конушта зордук зомбулуктун алдын алууда коптогон баракчаларды таратып, маектешуулорду откоргондуктон конушта зомбулуктун  саны азайууда, бул биздин жетишкендиктер деп тушуном” — дейт Мария Осмонова.

@Проект USAID «Жигердуу жарандар»

@USAID Kyrgyz Republic

#ЖигердууЖарандар

#USAIDKG

#FHI360