📍 Бишкекте бүгүн, 22 март күнү, «Коомчулуктун деңгээлинде аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтуу үчүн Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишмердүүлүгүндө ГАЛС ыкмасын колдонуу» тренинги башталды.
📌 Алдыдагы үч күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар ГАЛСтын заманбап методикасын үйрөнүп, аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча улуттук жана эл аралык мыйзамдар менен таанышып, жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишмердүүлүгүнүн талдап чыгышмакчы.
«Кыргызстандын кээ бир райондорунда Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, бирок баардык аймактарда мындай комитеттер түзүлгөн эмес. Долбоордун алкагында Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 10 пилоттук миниципалитет менен иш жүргүзүлмөкчү. Ушул долбоордун жыйынтыйы менен аталган комитеттер иштеп башташына өбөлгө түзүлөт деген ишенимдебиз», — деди «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмесинин директору Бакен Досалиева.
📍 ГАЛС методикасы үй-бүлөдөгү шериктештикти камсыздап, алардын ортосундагы байланышты, айрыкча балдар менен баарлашуу, аларды жакшы көрүүнүн, ата-эне катары балдарына жылуу сезимдерин билдирүүнүн маанилүүлүгүн жеткиликтүү түшүндүрөт. Муну менен үй-бүлөдөгү оор кыйынчылыктарды жеңүүгө болот.
❗️ Жогорудагы тренинг «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана АКШ элчилигинин бангизат каражаттарын эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо иш-аракеттери боюнча Кеӊсесинин колдоосу менен ишке ашырылып жатат.