Гендердик глоссарий

Гендер – Аялдардын жана эркектердин социалдык жүрүм-турумун жана алардын өз ара мамилесин  аныктаган  коомдо маданий жактан шартталган мүнөздөмөлөрдүн комплекси.  Гендер  социализациянын белгилүү системасы, эмгектин бөлүштүрүлүшү,  коомдо кабыл алынган  маданий нормалар, ролдор жана стереотиптер аркылуу  түзүлөт.  Гендер социалдык процесстерди түшүнүүнүн куралы да болуп саналат

Гендер жана маданият. Маданият- тынымсыз өзгөрүп турган жашоо-тиричиликтин ыкмасы. Ал  социалдык жүрүм-турумдун, мамилелердин, нормалардын, көз караштардын, билимдин жана институттардын үлгүлөрүнөн куралат. Маданият биздин  өзүбүз жашап жаткан коомду таанып-билүүгө, ой жүгүртүүбүзгө жана жүрүм-турумубузга таасир этет. Маданияттын кээ бир жагдайлары  баалуулук касиетке ээ болот, алар ошон үчүн сакталыш керек. Башкалары изилдеп-иликтөөнү жана өзгөрүүнү талап кылат.

Гендер жана өнүгүү. Аялдар жана эркектер социалдык, экономикалык, саясий жана маданий процесстерге кандайча катышат, кандай пайда  көрүшөт, ресурстарга   көзөмөл кылууду жана  ишмердик жүргүзүүдө бирдей  эмес мүмкүнчүлүккө ээ экенине көщүл бурат. 

Гендер жана башкаруу —  жарандык коомдун атынан  аялдар менен эркектердин  социалдык-экономикалык жана саясий процесстерди башкаруудагы аткарган ролу. Башкаруу бекитилген нормаларга жана эрежелерге негизделиши зарыл.

Гендердик  демократия – жарандык коомдогу аялдын жана эркектин эркин билдире алуунун системасы —  мыйзам тарабынан бекитилген  жана саясий-укуктук принциптерде, иш аракеттерде  гендердик кызыкчылыктарды жана муктаждыктарды эске алуу менен коомдук жана мамлекеттик структураларды түзүүдө   эркек менен аялдын реалдуу камсыз болгон бирдей укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү

Гендердик перспектива- жыныстар ортосундагы айырмачылыкты түшүнүүгө жардам берген  маселелердин  социалдык-экономикалык, саясий, укуктук, маданий жана психологиялык жагдайларын жана аларга саясаттын жана практиканын таасир этүүсүн анализдөөнү билдирет.  Ал бул факторлор жыныс өзгөчөлүгүнө негизделген басмырлоо менен кандай байланышат жана адамдын өнүп-өсүүсүндө  бул кандай тоскоолдуктарды пайда кылаарын да анализдейт.

 

Гендердик саясат – аял менен эркектин ортосундагы  өз ара мамилелердеги тещдикти орнотууга  багытталган  мамлекеттик, коомдук иш-аракет

Гендердик  статистика – коомдогу  гендердик проблемалардын жана мамилелердин, жана да  эркек менен аялдын  социалдык-саясий чөйрөдөгү  абалын чагылдырган  статистика. Мисалы, «эмгек рыногунда жумуш менен камсыз болгон адамдардын саны» эмес,  «эмгек рыногунда жумуш менен камсыз болгон аялдардын саны» деп аталат. Бул гендердик ажырымды аныктаганга жардам берет.

Гендердик сезимталдык- жыныс белгиси боюнча басмырлоонун негизинде жаткан социалдык-маданий факторлорду  көщүлгө тутуу жана түшүнүү. Пландалып жаткан  өзгөртүүлөр жана ыкмалар аял менен эркектин  акыбалын эске алып, жана алардын акыбалын андан ары начарлатпаса жана гендердик теңсалмактуулукка жетүүгө өбөлгө болсо, анда алар  гендердик жактан сезимтал  болот.  

Гендердик пландоо – Пландоолор аял менен эркектин  коомдо ар кандай ролдорду аткаруусуна ылайык алар ар кандай муктаждыктарга ээ экендигин  эске алууга негизделиши зарыл.

Гендердик сокурлук–  Гендердин коом жашоосунда  негизги көрсөткүчтөрдүн бири  экенин моюнга албоо, көрбөө.

Гендердик ащ-сезим  гендердик сезимтал мамиле жана өнүгүү программасын  пландоодо жана ишке ашырууда  эркектер менен теңкатар аялдардын муктаждыктарын жана приоритеттерин көщүл чордонуна алуу  үчүн убадаларды  өзүнө  алуу

 
Гендердик кызыкчылыктар – аялдар жана эркектер өздөрүнүн  социалдык ишенимдеринин жана гендердик мүнөздөмөлөрүнүн негизинде жарата алган  кызыкчылыктары 
Гендердик  изилдөөлөр  — социалдык трансформацияларды жана коомдо үстөмдүк кылган системаны анализдөө үчүн колдонулган дисциплиналар аралык изилдөөчү практика. «Аялдар изилдөөлөрүнөн» айырмаланып, мында эркектер маселеси да изилденет.Мисалы,  гендердик мамилелер призмасынан карасак, биздин коомдо  эркектер үйбүлөдө ата катары басмырлоого кабылат.

 

Гендердик керектөөлөр – Аялдар жана эркектер коомдо ар түрдүү ролдорду, жумуштарды  аткаргандыктан,тейлөөлөргө жана ресурстарга болгон мүмкүнчүлүктөрү да ар кандай , аял менен эркектин керектөөлөрү да  бири биринен айырмаланышы мүмкүн.  Иш жүзүндө гендердик керектөөлөр деп  социалдык белгилүү ролдорун аткаруу учурунда аялдарда пайда болгон керектөөлөрдү айтабыз.  

Гендердик мамилелер  деп гендердик тещсиздикти  жаратып, аны кайрадан пайда кылган социалдык болмуштун бардык чөйрөлөрүн тепчип өткөн белгилүү структураны(түзүмдү) айтабыз. Гендердик тещсиздикти  теңмүмкүнчүлүктөргө негизделген жыныстар ортосундагы эгалитардуу мамилени куруу аркылуу жойсо болот.Аял менен эркектин ортосундагы ролдук функциялардын  азыр  өзгөрүп жатканы , дегеле коомдук нормалардын талкаланышы эмес, эскирип, мезгили бүткөн социалдык нормалардын бузулуусу болуп саналат. Жыныстар ортосундагы эгалитардык деп аталган мамилелер  салтка ылайык өкүмзорлук кылуучу менен ага баш ийүүчүнүн ортосундагы мамилеге  эмес, коомдогу жана үйбүлөдөгү инсандык бирин бири толуктап турган мамилелерге негизделет.

Гендердик  жоромол- аялдарга караганда эркектерди өйдө койгон  тигил же бул маданияттагы көз караш жана салт.

Гендердик ролдор-аялдын жана эркектин коомдогу статусун аныктай турган жүрүм-туруму. Гендердик ролдор  ар түрдүү жаш куракта  жана социалдык топтордо өзгөчөлөнөт жана убакыттын өтүшү менен өзгөрүүгө дуушар болот. Каада-салттар аялдарга –үйдүн туткасы, балдарды табиялоочу, эркектерге болсо  багуучу жана коргоочу, үйбүлө башчысы деген ролдорду ыйгарат.. 

Гендердик стратегия – гендердик маданиятты өнүктүрүү максатында коомдо гендердик демократияны бекемдөөгө багытталган  социумдардын иш-аракеттериндеги  коомдук маанилүү гендердик багыттар

Гендердик анализ –  Конкреттүү кырдаалдагы гендердик мамилелердин конкреттүү мазмунун тактоого багытталган  же бул кырдаалды өзгөртүү боюнча   конкреттүү долбоорду ишке ашырууга байланышкан процедура. Гендердик анализдин ар  түрдүү ыкмалары аял менен эркектин күнүмдүк жашоонун ар кайсы чөйрөлөрүндө  чыныгы акыбалын   обьективдүүлүктүн бийик дещгээлинде  аныктоого мүмкүндүк берет.

Адамзаттын өнүгүүсүндөгү гендердик индекс – жашоонун сергек мүнөзүндө жашай алуу, узак өмүр сүрүү, сапаттуу билим алууга жетишүү, материалдык жактан  бакубат болуу сыяктуу адам өнүгүүсүнүн  негизги чөйрөлөрүндөгү аял менен эркектин акыбалын чагылдырган  Бирикке Улуттар Уюму  тарабынан бекитилген  көрсөткүчтөр

Гендердик ажырым – аял менен эркектин ортосундагы  билиминен, жумушунан, тейлөөдөн  алган пайдаларынын ар кандайлыгынан келип чыккан  айырма

Дискриминация – Калыптанган  маданиятка, каада-салтка жана көз карашка ылайык  адамдарын тобун же адамдын өзүн  системалуу түрдө басмырлоо  . 

Патриархаттык ащ-сезим  – буга төмөнкү өзгөчөлүктөр мүнөздүү: 1)коомдук жана үйбүлөлүк мамилелерде  аял менен эркектин аткарган ролдорунда катуу бөлүнүү болуш керек деген көз караш; 2)Коомдо жана үйбүлөдө  эркекке активдүү, башкы роль таандык, аялга болсо багыныщкы, пассивдүү роль берилет деген  көз караш;3) аял менен эркектин жашоо баалуулуктары  ар кандай: үйбүлө жана сүйүү- аял үчүн  башкы баалуулук, ал эми  эркек үчүн жумуш, кызмат, үйбүлөдөн сырткары өзүн реализация кылуу башкы баалуулук.

 4)үйбүлөгө эркек  башчылык кылып, ал негизги багуучу болууга тийиш ; 5)аялдын коомдогу негизги  ролу эне болуу, тактап айтканда баланын төрөлүүсүнө жана анын тарбиялануусуна байланышкан жүрүм-турум аял үчүн башкы милдет; 6) аялдын жүрүм-турумунда үйбүлөдөн сырткары карьера, кесиптик жетишкендиктерге умтулуу көп болсо аны жактырбоо;7) кыздардын жүрүм-турумунда  өзгөчөлөнгөн талаптар бекилиш керек жана аны өнүктүрүү зарыл деген көз караш; 8)коомдун партриархаттык модели жыныстардын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө негизделген табигий көрүнүш; 9)аял менен эркектин тещчилигин жактырбоо.

Феминизм (фр. feminisme, латын тилнен. femina — аял) – аялдарга жана эркектерге жарандык укуктарды берүүдө паритеттти сактоо үчүн түзүлгөн коомдук кыймылдын  жалпы аталышын билдирет.

Феминизм практикасы  жащы саясий теорияны-теңукуктук теориясын демилгелеген.Москвадагы гендердик изилдөөлөр борборунун глоссарийинде берилгендей феминизм – бул 1) аялдардын  глобалдык эзүүгө кабылганына жана алардын эркектерге баш ийиүүсүнө байланышкан бүтүн теория

2) эркектин үстөмдүгүнөн жана эзүүсүнөн аялды бошотууга умтулган  социосаясий теория жана практика;  3)гендердик-таптык система менен  стратегиялык конфронтацияга  ээ болгон социалдык кыймыл; 4)аялдарды жек көргөн идеологиялар жана аракеттердин баары менен  диалектикалык карама-каршылыкта турган  кайсы болбосун идеология

Феминисттик ащ-сезим өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) аялдын коомдо жана үйбүлөдө  катуу кармалган багыныщкы абалын  жыныстардын биологиялык  айырмачылыктары менен байланыштырууну  сынга алуу;

 2) Үйбүлөдө жана коомдо  катуу кармалган аялдын жана эркектердин  ролдорунун болушун кабыл албоо; 3) коомдук жашоонун чөйрөлөрүнүн эркектердики жана аялдардыкы деп бөлүнүүсүн сынга алуу; 4) аялдар жана эркектер коомдун ар кандай тармактарында  өзүн реализация кылууга  бирдей мүмкүнчүлүккө ээ эмес экендигин адилетсиз деп эсептөө; 5) аял образынын  (гендердик идеал) негизги белгилери деп  күчтүүлүк, активдүүлүк, өзүнө өзү ишенүүчүлүк,, эркиндикке жана көз карандысыздыкка умтулуу, коомдун ар кандай чөйрөлөрүндө ишмердигин жүргүзө алганды түшүнүү; 6) аял үчүн  кесиптик жетишкендик, мансап, өзүнүн жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмүн ачуу, өзүн коомдо реализация кылууга умтулуусу  чоңбаалуулукка ээ деген көз караш; 7) аялдын бүтүндөй убактысынын баарын  башкалар үчүн кам көрүүгө  багыттабаган  үйбүлөлүк мамилелерди туу тутуу; 8) балдарды тарбиялоо боюнча  бала үчүн атанын да, эненин да камкордугун бирдей дещгээлде койгонго коом  колдон келишинче умтулуусу зарыл деген көз караш; 9) аялды сексуалдык эзүүнүн обьектиси катары кароону сынга алуу; 10) коомдун ар кайсы  чөйрөлөрүндө аял менен эркектин жүрүм-турумуна баа берүүдө коомдук моралдагы эки жүздүүлүктү жактырбоо; 11) аялдардын өздөрүнүн багыныщкы акыбалын тереңтүшүнүү зарылчылыгы, аялдардын  коомдук ролунун  өзгөрүүсүн каалоо жана бул багытта  практикалык кадамдардын маанисин түшүнүү