Ишмердүүлүк
БӨУлар Кеңешинин Альтернативалык отчеттору
«Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу («Аялдар конвенциясы») аялдарга карата басмырлоого тыюу салган жана мамлекеттерди аялдардын тең укуктуулугун камсыз кылууга чара көрүүгө мажбурлаган биринчи юридикалык документ. Бул документ 1979-жылдын 18-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 34/150 кабыл алынып , кол коюуга, ратификация кылууга жана резолюцияларына кошулууга мамлеккеттер үчүн ачык болгон. 1981-жылдын 3-сентябрында 27-статьяга ылайык (1) аталган документ күчүнө кирген.
Конвенцияны жана ага карата иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу жөнүндөгү чечим 1975-жылы Мехикодо өткөн аялдардын акыбалы боюнча Биринчи бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган. Бул биринчи жолу аял укуктары адам укуктарынын ажырагыс бир бөлүгү экендигин тастыктаган маселени койгон.
Советтер Союзу Конвенцияны ратификациялаган биринчи өлкөлөрдөн болгон. Бирок бул документтин мазмунун баары эле биле берген эмес. 80-90-жылдары гана Конвенциянын тексти бир эле учурда бир канча аялдардын басылмаларында жарыяланган. Аялдардын бир нече жаңы көз карандысыз уюмдар ы бул тексттери элге таратып, идеясын жайылтышкан.
Кыргыз Республикасы 1996-жылы өзүнүн токтому менен аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу Конвенцияга кошулган. Конвенциянын жобосуна ылайык ага кошулган өлкөлөр ар бир төрт жылда Конвенциянын нормаларынын аткарылышы тууралуу БУУнун CEDAW Комитетине отчет берип турушат. Мамлекеттик докладдан тышкары Комитет коомдук уюмдар тарабынан даярдалган Альтернативалык отчеттун болушун да жактырат жана ал маалыматтарды да өз ишинде колдонот. Мамлекеттерден жетишерлик маалыматтардын болушу Комитеттин эксперттерине тигил же бул мамлекеттин дарегине карата туура рекомендацияларды сунуштоосуна өбөлгө түзөт. Бул болсо мамлекеттердин Конвенцияны аткаруу жаатында кийинки кадамдарды тактоосуна жардам берет.
Белгилей кетчү нерсе дүйнөнүн бир да өлкөсүндө кыз-келиндердин юридикалык жана иш жүзүндөгү толук теңдигине жетишилген эмес. Көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында дагы эле болсо аялдардын укуктарын кемсинтилген учурлар орун алып келет. Аялдар дагы эле болсо жеке менчикке, мүлктү мураска алууга карата укуктарынан пайдаланууда басмырлоолорго, кыйынчылыктарга кабылып келе жатышат. Алардын экономикалык ресурстарга, социалдык жеңилдиктерге жана кызматтарга карата мүмкүнчүлүктөрү да чектелүү бойдон калууда. Саясий жана коомдук иштерге, айрыкча чечим кабыл алуучу деңгээлдеги чөйрөлөргө , аялдар толук жана тең катышуудан дагы эле алыс.
Кылмыш-жаза мыйзамдары кылмыштуулук менен, айрыкча сексуалдык зомбулук боюнча иштебей, начар колдонулган боюнча калууда. Жарандуулук жөнүндөгү бир канча мыйзамдарда аялдарга карата басмырлоо сакталып келатат.
Кыз-келиндерди басмырлоого алып келген социалдык нормалар, маданияттагы үрп-адаттар, салттар , аял менен эркектин коомдогу ролдорунун стереотиптүү бөлүнүшү аялдардын укуктарын жүзөгө ашырууда негизги тоскоолдуктар катары дүйнөнүн бардык жеринде жашап келет. Аялдардын чечим кабыл алуучу чөйрөлөргө аз тартылышы аял менен эркектин тең укуктуулугун камсыз кылууда андан аркы тоскоол катары калып жатат. Көп учурда аялдар өздөрү канлай укуктары бар экендигин жана аларды кантип пайдаланууну билишпейт. Мунун баары улуттук деңгээлде укук коргоонун каражаттарынын жетишерлик натыйжалуу эместигенен кабар берет. Аялдардын бул талылуу маселеси айрыкча коомдо чыр-чатактар , ар кандай социалдык жарылуулар болгондо бөтөнчө байкалып калат.
Конвенция эл аралык маанилүү документ жана аялдардын укуктарын коргоонун укуктук куралы болуп саналат. Анын максаты аялдарга карата кайсы гана басмырлоо болбосун жоюу.
Кийинки мезгилде Конвенцияны сөзсүз түрдө ырааттуулук менен аткаруу аялдардын теңдигине жетүүдө эң натыйжалуу инструмент экендиги далилденди. Конвенция кабыл алынгандан бери аялдардын укуктарын таануу жана аларды жүзөгө ашырууда алга жылуулар бар экендиги байкалууда.
Көптөгөн мамалекеттердин Конституцияларында аял менен эркектин тең укуктарын кепилдеген жоболор кабыл алынды. Көптөгөн өлкөлөр Конвенциянын жоболоруна ылайык граждандык, кылмыш-жаза жана үйбүлө кодекстериндеги аялдарды басмырлаган жоболорду кайра карап чыгышты. Аялдарга карата зомбулукка, тактап айтканда үйбүлөдөгү зомбулуктан укуктук жактан коргоо үчүн жаңы мыйзамдар кабыл алынды.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндөгү 12 мамлекеттин бири катары Конвенцияга гана кошулбастан, ага карата Факультативдик протоколду да кабыл алган. Ал болсо жеке даттануулар менен эл аралык деңгээлге кайрылууга мүмкүнчүлүк берет. Конвенциянын дагы бир мааниси, ага ылайык мамлекеттер мезгил-мезгили менен баяндамаларын БУУ Комитетине сунуштап турушат. Ал баяндамалар жана аларга карата айтылган Комитеттин рекомендациялары менен ким болсо да тааныша алат. Бул жагынан алганда Кыргызстан КМШ өлкөлөрү ичинде бир топ активдүүлүктү көрсөттү. Мезгилдүү баяндамалар өз графигинен кечиктирилбей даярдалып жөнөтүлөт. Конвенция кабыл алынгандан кийин тез эле кыргыз тилине которулган. Ошондон бери калк ичинде, айрыкча айыл жерлеринде Конвенциянын идеяларын жайылтуу боюнча иш-аракеттер аткарылып келатат.
Аялдарды Колдоо Борборунун иш аракеттеринин башкы багыттарынын бири аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу тууралуу Конвенцияны жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүү. Бул багытта Аялдарга Жардам Борбору өзүнүн күч-аракеттерин кыз-келиндерге карата гендердик зомбулуктун жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюуга, аялдардын укуктарын коргоп жаткан улуттук жана аймактык уюмдардын потенциалын чыңдоого, адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдерин кеңири билүү жана аларды колдонууга жана мамлекеттин жана башка коомдук уюмдардын бул багыттагы ишмердигине көмөк көрсөтүүгө бурду.
Аялдарды Колдоо Борбору мамлекеттик, мамлекеттик эмес, эл аралык уюмдар менен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттар менен кызматташат. Негизги иштеринин бири аялдардын укуктарын коргоодо жана гендердик теңчиликти илгерилетүүдө эл аралык маанилүү документ болгон CEDAW тууралуу маалыматты элге жеткирүү. Өзүнүн ишмердигинде АКБ Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган адам укуктары жаатындагы эл аралык документтерге жана аялдардын укуктук жана чыныгы акыбалын жакшыртууга арналган , бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген улуттук мыйзамдарга жана программаларга таянат.
Аялдарды Колдоо Борбору БУУнун CEDAW Комитетинин 1999-жылдын январь айындагы 20-сессиясына даярдалган Альтернативалык отчеттун автору болуп саналат. Бул сессияда Кыргыз өкмөтү биринчи жолу Конвенциянын(Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндөгү) биздин өлкөдөгү кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу биринчи баяндамасын сунуштаган эле.
Аялдарды Колдоо Борборунун жетекчиси Р.Т. Айтматова биринчи жолу жогоруда аталган Конвенцияны кыргыз тилине которуп, документ калктын калың катмарына жеткиликтүү болсун үчүн түшүндүрмөлөрдү, тактамаларды кошуп,даярдап, ал китеп 1997-жылы «Аял укуктары» деген аталышта жарык көргөн.
Аялдарды Колдоо Борбору БУУнун CEDAW Комитетинин 30-сессиясына сунушталган Альтернативалык отчетту даярдоого да жетекчилик кылууга катышты. Бул отчеттун «Аялдарды жана балдарды соодалоо» бөлүмүнүн автору жана «Аялдардын репродуктивдүү укуктары» бөлүмүнүн соавтору болгон.
Аялдарды Колдоо Борборунун өкүлдөрү Кыргызстандын БӨУларынын делегаты катары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында болуп өткөн CEDAW Комитетинин 20 — жана 30- сессияларына (1999, 2004-жылдары) катышышкан. CEDAW Комитетинин мүчөлөрү БӨУлар тарабынан даярдалган Альтернативалык отчетко жогору баа беришкен. АКБ өзүнүн тренингдик жана маалыматтык программаларында CEDAW, Факультативдик Протокол жана Альтернативалык Отчет тууралуу маалыматтарды жана билимди жайылтуу багытында үзбөй иштеп келатат.
АКБ мындан ары да өлкөдөгү аялдардын акыбалын, гендердик теңдик кандай деңгээлде экени тууралуу чыныгы маалыматтарды берген Альтернативалык отчетторду даярдоо ишине активдүү катышат деген үмүттө.
БУУнун, ЮНИФЕМдин сайттарынан, БӨУлар Кеңешинин Альтернативалык отчетунан (1999-2003гг) жана Аялдарды Колдоо Борбору Коомдук Бирикмесинин ишмердиги тууралуу отчетунан маалыматтар колдонулду.