Гендердик зомбулукка каршы эл аралык 16 күн.
Балдардын келечеги баарыбыздын колубузда
Кыргызстанда 6000ден ашык өспүрүм кыз 15 жашка чыга электе мажбурлоо жолу менен күйөөгө берилгенин иликтөөлөр аныктаган. Кызды эрезеге жете электе турмушка берүү анын келечегине балта чабууга барабар. Анткени, өспүрүм кыз мектепти бүтпөй, кесиптик орто же жогорку билим ала албай калат. Өспүрүм кыздарды күйөөгө берүү көбүн эсе зомбулук көрсөтүү менен коштолуп келет. Эне болууга организми толук өсүп жетиле элегинде төрөгөндүктөн өзү каза болуп же анын ымыркайы чарчап калган учурлар кездешип келет. Дарыгерлердин айтымында энелердин өлүмү 18 жашка чейинкилердин арасында өтө жогору. Адатта, жашы жете элек кезде турмушка чыккан кыздын өзүн коргой турган мыйзамдар менен таптакыр иши жок экенин турмуш көрсөтүүдө. Ажырашып кетсе балалуу экенине карабай күйөөсүнөн алимент өндүрүү тозокко айланат, үй-мүлктү мүрастоо ал үчүн дээрлик ишке ашпайт.
Ушул көйгөйлөргө бөгөт коюу үчүн мындан үч жыл мурда кабыл алынган КРнын Кылмыш кодексинин 178 статьясында өспүрүмдөргө карата диний каада жүргүзүүгө тыюу салынган. Анда жашы жете электерге нике кыйган диний өкүл 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратыла турганы жазылган. Андан тышкары, өспүрүм кызды мажбурлап күйөөгө берген ата-эне же ата-энени алмаштыргандар, секелек кыз менен жыныстык катнашка барган чон адам дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Мамлекет муну менен өзүн коргой албаган, укугун билбеген өспүрүм жарандарын жогорудагы кооптуу жагдайлардан сактап калууга жасаган саясаты деп бааласак болот.
Кыргызстанда гендердик тенчилик маселелерин алдыга жылдырууда бейөкмөт уюмдарынын ролу чон экени талашсыз. Белгилүү коомдук ишмер Розетта Айтматова жетектеген «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмеси КРнын Кылмыш Кодексинин 178 -статьясын колдонуу укугу боюнча республика аймактарында мониторинг жүргүзгөн. Ошол мониторингдин жыйынтыгы чыгарылган тегерек стол жыйыны Бишкекте 6-декабрда өткөрүлдү. Анда «Диний каада өткөрүүдөгү нике курагы тууралуу мыйзамдуулүктун бузулушу» аталыштагы аталган үюмдүн өкүлү Азиза Маматкулова жасаган маанилүү докалады кызуу талкууга алынды. Жыйынга Жогоркү Кенештин вице-спикери А. Касымалиева, парламент депутаты Э.Сурабалдиева, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орүн басары Ж.Алыбаева, ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын директору Р.Молдокасымов жана бейөкмөт уюмдардын, мамлекеттик органдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Мониторинг Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустарында жүргүзүлгөн. Өзгөчө Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында 2017-жылдан 2019-жылдын биринчи жарымына чейинки мезгилде соттор тарабынан бул көйгөйгө байланыштуу көптөгөн иштер каралган. Жогорудагы аталган мыйзам боюнча 2 жыл 6 айдын ичинде 62 кылмыш иши козголуптур. Анын 21не сот актылары кабыл алынып, 33 адам соттолгон, 31 адам шарттуу түрдө соттолуп, экөөсү эркинен ажыратылган. Булардын ичинде 13ү аялдар. Ал эми эки тарап жарашып алгандыгына байланыштуу козголгон кылмыш иштердин 12си токтотулган. Бүгүнкү күндө КРнын КК 178 -статьясы өлкө аймагында жакшы иштеп жатканы, жашы жете электердин үйлөнүүсү бир нече эсе кыскарганы байкалууда. Мындай фактыларды сурамжылоо учурунда гинеколог врачтар да тастыктап, акыркы жылдары кош бойлуу болгон өспүрүм кыздардын катталышы кыйла кыскарганын айтып беришкен.
Аталган мыйзам КРнын Конституциясынын нормаларына жана Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдердин бардыгына туура келээрине шек жок. Укуктук жагдайдан алганда аны колдонуу да кыйынчылык туудурбайт. Ошого карабай бул мыйзамды иш жүзүндө колдонууга келгенде бир кыйла турмуштук тоскоолдуктар чыгууда. Мисалы, жашы жете элек улан-кыз имамга нике кыйдыртып алышып, үй-бүлө куруп, кыз кош бойлуу болуп жашап жаткан фактылар кездешип жатат. Бирок, мыйзамдуу тергөө жүргүзүлүп, соттук ишти кароо процесси баштаганда алардын үй-бүлөсү бузулуп калган окуялар кездешүүдө. Ушундай жагдайдан алганда тергөөчүлөр өз жетекчилиги, ал эми адвокаттар коллегалары менен кенешип, иш алып барган учурлар да жок эмес. Андан тышкары, улан менен кыздын ата-энелери нике кыйган имамдын атын атабоону сүранышат же «балдарыбызга нике кыйылган эмес» деп калп айткандары аз эмес. Тергөөдөн кутултуш үчүн ата-энелер уулун чет мамлекетке качырып жиберген учурлар да бар. Мунун баары нике кыйылгандыгы тууралуу фактыны ачыкка чыгарууну татаалдатып, тергөөнүн ишин тунгуюкка салууда. Андан күнөөлүүлөр шарттуу түрдө жоопко тартылышат же кылмыштын белгилери жок делинип козголгон иш биротоло токтотулат.
Тилекке жараша, КРнын КК 178- мыйзамы боюнча кылмыштуулук кыскарып бара жатат. Ал тууралуу Азиза Маматкүлова мындай дейт: “Жашы жете элек кыздардын никелешүүсү тууралуу фактылардын 80-90 пайызга жакынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунүн гинекологдору берип жатышат. Укук коргоо органдары ушул фактылардан улам маалымат алышууда. Учүрда жашы жете элек кыздарын турмушка берүү азайгандыгы байкалууда”, — дейт.
«Мыйзам каматууга эмес, кабардар кылууга керек»
-Дүйнөдө күн сайын 39 минден ашык жашы жете элек балдар никеге тургузулат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда 2011-2020-жылдар аралыгында жашы жете элек 140 млн. кыз никеге турат экен. Анын ичинен 18,5 млн. кыз 15 жашка жете электе никеге турууга мажбүр болушат. Бул тууралуу БУУнүн калкты жайгаштыруу боюнча фондусу айтып жатат. Дүйнө мамлекеттеринде кызды эрте турмушка берүү боюнча Чад, Нигерия өлкөлөрү алдыда. Ал жакта бардык никелердин 75 пайызы өспүрүм кыздар менен түзүлүп жатат. Бирок, Индия мамлекетинин калкынын жыш жайгашуусу жана санынын көптүгү жагынан эске алганда бүткүл дүйнөдөгү жашы жете элек кыздардын никеге туруусу боюнча 40 пайызын түзүүдө. Ошондой эле Түркияда, Ажербайжанда жана биздин регионду алсак Казакстанда, Кыргызстанда өспүрүм кыздарды ала качуу, ата- энелеринин катышуусу менен мажбурлап күйөөгө берүү фактылары орун алып келе жатканы кейиштүү көрүнүш, — дейт аталган тегерек столдогү «Кыргызстанда эрте никеге туруу жагдайынын обзору» аттуу докладында «Демократиялык процесстерди иликтөө борбору» коомдук бирикмесинин директору
Л. Илибезова.
18 жашка чейинки жаш энелердин балдарынын салмагы 2 кг. төмөн болгон фактылар көп. Ал эми 19 жашка чейинки төрөгөн аялдар 20 жаштан өйдөкү аялдарга салыштырмалуу эненин организимине керектүү витаминдерди аз алышат. Алардын, өз ден соолугуна, ымыркайына кам көрүүгө даярдыгы жок, билими, турмуштук тажрыйба жетишпейт. Өткөн жылы запкы жеп, өлкөдөгү кризизтик борборлорго кайрылгандардын саны 352 адамга жеткен. Анын 340 аял, 12 эркек болгон. Эксперттердин айтуусунда өспүрүм кыздарды мажбурлап никеге тургузуу боюнча өлкөдөгү абал канчалык тыкыр иликтенбесин, көп фактыларды ачыкка чыгаруу кыйын болууда. Анткени, ата-энелер да, айрым учурда кыз өзү да нике кыйган молдонун аты-жөнүн айткысы келишпейт. Албетте, айтылган маселеге тиешеси бар дин өкүлдөрүн кармап алып камап салууга эч ким кызыкдар эмес. Бирок, кылмыштын алдын алуучу тажрыйбаларды көбүрөөк жайылтуу керек дешет гендердик ишмердүүлүк жүргүзгөн бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү.
Жогоркү Кенештин депүтаты Эльвира Сурабалдиева гезитибиздин суроосүна аталган маселе тууралуу мындай дейт:
-Жашы жете элек кызды күйөөгө берүү абдан чон чекилик. Анын кесепетин четтетүү үчүн маалыматтык-агартуучулук иштерди Бишкек, Ош шаарларында гана эмес, 40тан ашык район камтыган алыскы элеттерге чейин жеткирүүнү улантуу керек. КРнын КК 178-мыйзамын сүрөөгө алып, сунуштоодо жарандык коомдун өкүлдөрүнүн эмгеги чон болгон. Аны парламенттеги, айрыкча депутат айымдар катуу колдоп кабыл алганбыз. Бирок, өзүбүздүн эле кесиптештерибиз: «Күйөөгө тие албай кара далы болуп жүргөн кыздар толтура. Силер элдин салтын бузуп жатасынар. Илгери кызды ата-энелери сүйлөшүп алып турмушка узатышчу», — дегендери чыкты. Мындан эки ай мүрда мен Ошто өткөрүлгөн жаштардын жыйынына бардым. Ошол жерден бир кыз: «Мен 17 жашымда турмушка чыгып алып, билимсиз болуп, кызматтык карьерадан кур жалак калгым келбейт. Эрте турмушка чыккандардын көбү ажырашып, балдарын кучактаган бойдон эрсиз калып жатышат. Сиздер, депутаттар, кыздарды коргоодо биз үчүн эмне иш кылып жатасыздар? Кызды ала качуу тууралуу кино тартылып жатканда кайда карап отурдунуздар?»- деп, көйгөйлөрдүн баарын кабыргасынан койду. Андыктан, баарыбыз балдарыбыздын эртенки келечеги үчүн жооптуу экенибизди унутпасак”, — дейт.
Эрте турмуш курууга эмне себеп болууда?
Ушул сүроого жооп берүү үчүн «Аялдарды колдоо борборунун» жүргүзгөн иликтөөлөрүн келтирип көрөлү.
Адатта эрте никелешүүгө өбөлгө түзгөн төмөндөгүдөй салттар аймактарда азыр да болсо орүн алып келүүдө;
Айрым ата-энелердин кыз «бузулуп» кете элегинде күйөөгө берип салуу сыяктүү стереотиптүү түшүнүктөрү буга түрткү болууда. Же болбосо 15-16 жашында турмушка чыга берсе болот деген диний көз караштын таасириндеги жарандар да өз кызын жашы жете электе турмушка узатып жатышат. Бүга айрым жарандардын укуктук сабатсыздыгы, билим денгээлинин төмөндүгү да себеп болууда. Андан тышкары, ата-энеси миграцияга кетип, туугандарында кароосүз калтырылган кыздар турмуштун оорчулугун тартып, ушул ишке барып жатышат. Эрте никеге турган кыздар мыйзам чегинде жоопкерчилик тартарын билишпейт, өз ден соолугуна тескери таасир берүүчү кесепеттери тууралуу маалымдүүлүгү төмөн. Адатта, жашы жете элек кыздар кош бойлуу болуудан сактануучу каражаттарды билбейт жана репродуктивдүүлүк боюнча маалыматы жок болүшат.
“Аялдарды колдоо борбору” коомдүк бирикмеси уюштүрган мониторингдин отчетү тегерек стол жыйынынын катышуучулары тарабынан колдоого алынды. Кыргызстанда балдардын укугун коргоо жана ага тиешелүү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруусу кажет. Жашы жете элек балдардын репродуктивдүү ден соолугун коргоо, эрте никелешүүгө каршы алдын алуучу жүмштарды өткөрүү максатында аталган уюм Жогоркү Кенешке, Өкмөттүн буга тиешелүү бардык мамлекеттик органдарына, айрыкча күч түзүмдөрүнө өзүнүн сунушун жиберди.
Мониторингди өткөрүүнү ишке ашырууга USAID — Американын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин гранттык колдоосу жана Ист-Вест менеджмент институтунун жардамы аркылуу ишке ашырылды.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»