Новости

  • Кыз ала качуу-кылмыш

    2017-02-16 15:52:12

    ...Карлыгач (аты-жөнү өзгөртүлдү) жаңы эле орто мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан. Ата-энеси Б. айылында жашашчу. Карлыгач каникулда айылына келип, бир күнү чоң апасы экөө райондун борборуна соода кылганы жөнөштү. Эртең менен саат 8дерде машинага отуруп жолго чыгышты. Карлыгач оюнда эч нерсе жок чоң апасынын жанында бейкам отурган. Бир убакта кайдан-жайдан эки жигит машинаны токтотушуп, кызды күч менен сууруп чыгышып, күтүп турган машинага салып жөнөп кетишти. Окуя күтүлбөгөн жерден болгондуктан машинанын ичинде отургандар кызга жардам берүүгө үлгүрүшкөн жок. Айдоочу машинанын маркасын жана номерин эстеп калып артынан кууп жөнөштү. Бирок, жолдо машинадан адашып калышты. Алар кыздын ата-энесине келишип, болгон окуяны айтып беришти. Ойдо жок болгон окуядан эмне кылаарын билбей калган ата-энеси эстерин жыйып милицияга арыз менен кайрылышты. Милициянын жардамы менен кызды кайда ала качып кеткенин аныкташты. Кызды Л. айылына ала качып кетишиптир. Баарынан кызыгы күйөө болчу баланын ата-энеси баласынын үйлөнө тургандыгынан кабары да, даярдыгы да жок экен. Кыз коркконунан ыйлап жатты. Ооба, бала экөө бири-бирин таанычу. Бирок, күйөөгө тийүү таптакыр оюнда жок эле. Эки сааттан кийин кыздын ат-энеси келип калды. Апасы үстүнө киргенде кыз зордуктап ала качып келгендерин, ал бала менен жашагысы келбегенин айтты. Апасы кызын жетелеп бөлмөдөн чыгып баратканда отурган кемпирлер кызын алып кетсе каргай тургандыктарын айтышып, экөөнү сыртка чыгарышкан жок. Айла жок, кайра бөлмөгө киришип, апасы, эмне кылаарын билбей тууган-туушкандарына телефон чала баштады. Баардыгы “Кыз өтө жаш, турмушка чыгууга эрте” дешкен менен чоң апасы “Таш түшкөн жеринде оор” дейт, кызды алып келбегин деп болбой койду. Ошентип кыз аргасыз келин болуп отуруп калды...

    Бул нарындык кыз Карлыгачтын баяны.

    “Ата салты” деген шылтоо менен канча кыздар таптакыр тааныбаган же чала тааныш жигиттер менен жашап калышат. Айрымдары жашап кетсе, айрымдары балдары менен көчөөдө калат. Канча аял сүйбөгөн адамы менен бактысыз өмүр өткөрөт. Кыз ала качууга кош көңүл кароого болбойт эле.

    Жарандык коомдун аракети менен 2013-жылдын 25-январында КРнын №9-“КРнын Кылмыш -жаза кодексине (КЖК) өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзамына ылайык, КРнын КЖКнин 154- жана 155-беренелеринин жаңы редакциясы кабыл алынган. Ал өзгөртүүлөр, никеге туруу максатында аялдарды уурдоо үчүн кылмыштык жазалоону күчөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 155-беренесине ылайык аялдын эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качуу - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

    USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын жардамы менен \\\"Аялдарды колдоо борбору\\\" коомдук бирикмеси 2016-жылдан тартып иштеп жаткан “Аялдардын никеге өз ыктыяры менен туруу жана жубайын эркин тандап алуу укугун жүзөгө ашыруу” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында кыздарды зордоп ала качууга каршы мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгына саресеп салды.

    Негизинен мыйзам кабыл алынгандан баштап кыз ала качуу фактылары азайган. Бирок, ала качуу фактылары боюнча мамлекеттик органдарда так статистикалык маалыматтар жок болуп чыкты. Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш иштери, сотко чейин жеткен иштер жана алар боюнча чыгарылган чечимдер боюнча жалпы статистиканы бере алышат. Бирок, козголгон кылмыш иштерин, сотко чейин жеткен иштер жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди анализдөө, токтотулган иштердин талдоосу сыяктуу иш-чаралар тиешелүү органдар тарабынан жүргүзүлбөйт.

    Азыр аялды өз эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо боюнча кылмыш иши КРнын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесине ылайык ачык айыптоо иштери болуп саналат.

    Ачык айыптоо иштерине байланыштуу кылмыш тууралуу арыз бере ала турган жактардын чөйрөсү бир кыйла кеңейди, мындай аракет келечекте ушул сыяктуу кылмыштардын бетинин ачылышынын санын көбөйтүүгө өбөлгө болот.

    “Ала качып үйлөнөм” деген жигиттер адегенде ойлонуп төмөнкү учурларды эске алуусу керек. Кыз ала качуудан бир топ кылмыштын элементтерин көрүүгө болот: 16 жашка чыга элек адамды никелик мамилеге мажбурлоо (КР КЖК 154-б.), Аялды никеге турууга мажбурлоо же никеге туруусуна тоскоол болуу (КР КЖК 155-б.), зордуктоо (КР КЖК 129-б.), сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо (КР КЖК 131-б.), 16 жашка чыга электер менен жыныстык катнашка же башка дагы сексуалдык мүнөздөгү мамилелерге баруу(КР КЖК 132-б.), адам уурдоо (КР КЖК 123-б.), өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү (КР КЖК 102-б.), атайылап ден-соолукка зыян келтирүү (КР КЖК 104, 105)

    Мындай жол менен мамлекет, ушул сыяктуу укук бузууга каршы иш-аракеттерге кылмыш жоопкерчилигин коюу менен, жеке нике жана үй-бүлө чөйрөсүндөгү аялдарга карата жасалган дискриминацияны жоюу боюнча чараларды көрөт.

    Кыздарды зордоп ала качууга жол бербе! Өзуңө жана башкаларга бактылуу келечек кур!