КРда АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫНА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ KYWRAW ТАРМАГЫ ХАРАССМЕНТКЕ КАРШЫ МААЛЫМАТТЫК КАМПАНИЯНЫ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ!»
4-мартта Баткен мамлекеттик университетинде «Өмүр Булагы» коомдук уюму, «Жаныл Мырза плюс» кризистик борбору жана Баткен мамлекеттик университетинин доценти А.А.Саматова тарабынан «Харассмент же ыдык көрсөтүү, анын келип чыгуу жолдору жана алдын алуу» деген темада студенттер үчүн семинар уюштурулду.
Семинар коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, балдарга, аялдарга, өспүрүм жаштарга, жаны кызматкерлерге «Харассментти» болтурбоо, алдын алуу боюнча маалымат берүү максатын көздөп, катышуучулар өз ойлорун кенири жеткиликтүү берүү менен Харассментти болтурбоону талкуулап, өз сунуштарын беришти.




