Тегерек столдор

2011-жылдын 30-ноябрында Аялдарды Колдоо  Борбору Кыргыз Республикасынын Омбудсмени(Акыйкатчысы) , UNDP жана Кризистик Борборлордун Ассоциациясы менен биргеликте  «Кыз ала качуу – адам укуктарын бузуу» деген темада  тегерек стол өткөрдү. Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), тиешелүү министрликтердин кызматкерлери,   бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле ала качуудан жабыркаган кыздар жана алардын жакын туугандары катышышты.  Иш чаранын убагында  кыз ала качуунун  себептери жана  анын кесепеттери кеңири талкууга алынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан жарыяланган бир айлык  жана  бейөкмөт уюмдар тарабынан  жыл сайын өтүүчү  аялдарга карата зомбулукка  каршы күрөшүүнүн 16 күндүк  кампанияларынын  жыйынтыктары чыгарылды.Иш-чара соңунда катышуучлар кыздарды зордоп ала качууга каршы  иш чаралардын багыттарын бекитишти.

2007-жылдын 9-ноябрынан 20-ноябрына чейин жана 2008-жылдын  ? ден ?ге чейин  Альтернативалык отчеттун 5 бөлүгү боюнча  «CEDAW Конвенциясын жүзөгө ашыруу жана  ага мониторинг жүргүзүү» деген аталдыштагы долбоордун алкагында  5 тематикалык тегерек столдор өткөрүлдү. Бул иш чарага жалпысынан 90 адам катышты. Катышуучулар арасында  БӨУлар Кеңешинин өкүлдөрү «Алга», «Сезим» кризистик борбору, «Эльсен», «Акыйкат жолу»  сыяктуу коомдук бирикмелерден жана «Ачык позиция» коомдук фондунан келген  эксперттер, Президенттик Администрациянын, КРнын Миграция жана жумуштуулук  боюнча  мамалекеттик комитетеинин, Кыргызстандын  аялдар уюмдарынын федерациясынын жана Аймактык өнүгүү борборунун өкүлдөрү  болду.

Тегерек столдун максаты —  Кыргыз Республикасынын  CEDAW Комитетине  сунуштаган  үчүнчү мезгилдүү докладына карата  жазылуучу  АО-2008 Альтернативалык отчеттун  төмөнкү жумушчу бөлүктөрүнө эксперттик  талкуулоо жүргүзүү:

  • Аялдардын саясий укуктары
  • Аялдарга карата зомбулук жана адамдарды соодалоо
  • Аялдардын жарандык укуктары
  • Билим берүү жана маданият
  • Аялдардын экономикалык укуктары

Эксперттер тарабынан айтылган сунуштар тематикалык тегерек столдун уюштуруучулары тарабынан эске алынды. Тактап айтканда алардын кээ бирлери

CEDAW Комитети үчүн  даярдалган көйгөйлүү маселелердин катарына  киргизилди.