- Борбордук Азия мамлекеттеринде БУУнун «Аялдарга карата басмырлоонун барды түрлөрүн жоюу тууралуу» Конвенцияын (CEDAW ) жана ага карата Факультативдик Протоколду колдонуу» деген аталыштагы Семинар-консультация 2011-жылдын 25-27-апрелинде болуп өттү. Семинардын максаты – KIWRAWга кире турган мүчөлөрдүн жана аялдардын укуктарына байкоо салуу жана эл аралык мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча Борбордук Азиядан келген (Казахстан, тажикстан) катышуучулардын дареметин көтөрүү. Атайын чакырылган эл аралык тренер Люки Друзен (Голландия) катышуучулардын билиминини жогору экендигин жана уюмдардын стартегиялык маанилүү багыттар боюнча иштөөгө даярдыгы бар экендигин белдгиледи.
- Гендер жана саясат улуттук конференциясы (6.7-декабрь,2004) Аялдарга жардам борбору жана Гендердик маалымат борбору ассоциациясы тарабынан уюштурулду. Иш чара Демократия жана адам укуктары жаатындагы Европалык Демилге жана Norwegian Church Aid (Норвегия) аркылуу каржыланды. Бул конференциянын максаты шайлоо процесстери аркылуу гендердлик теңдикти жана аялдардын укуктарын илгерилетүү жөнүндөгү пикирлер жана идеяларды талкуулоо жана пикир алмашуу болду.
- ИИМдин кызматкерлери жана БӨУлардын өкүлдөрү үчүн семинарлар (сентябрь 2004 – август 2005)
Семинарлар АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясы тарабынан каржыланды.
Бул долбоордун максаты- Кыргызстанда адам сатуу менен күрөшүүдө мамлекеттик структуралардын (ИИМ) потенциалын түзүү, ИИМдин ишинде гендердик өңүттөрдү (гендердик сезимталдыкты күчөтүү, эл аралык укуктардын нормалары) интеграциялоо.ИИМ кызматкерлеринин жана жарандык секторду трафик боюнча маалымдуулугун жогорулатуу.
Аймактык семинарлар
2007-жылдын декабрынан 2008-жылдын январына чейинки аралыкта CEDAW Конвенциясынын реализациялоо жана ага мониторинг жүргүзүү» долбоорунун алкагында Аялдарга жардам борбору АО-2008 дин бөлүктөрү боюнча 4 аймактык семинар өткөрдү. Жалпысынан 87 адам бул семинарларга катышышты. Сем инарлар Талас, Ыссык-Көл. Чуй, Нарын областтарында жана Кыргызстандын түштүгүндө өткөрүлдү.Бул иш-чаралардын максаты – Кыргыз өкмөтү тарабынан 2004-жылы сунушталган CEDAW Конвенциясын аткаруу боюнча баяндамсына карата даярдалып жаткан Альтернативалык отчеттун долбоорун талкуулоо жана ага толуктоолорду, түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды кабыл алуу болду.