Кызматташтык

Кызматташтык

Аялдарды Колдоо Борбору  мамлекеттик структуралар, бейкмөт уюмдар жана эл аралык уюмдар, ошондой эле окуу жайлары менен  тыгыз кызматташат. Мамлекеттик структуралар менен сапаттуу өнөктөштүк  мамилелердин болушу  уюмдун ишинин негизи болуп саналат.  Бул болсо биздин бирикменин гендердик теңдикти илгерилетүү саясатынын   негизги багыттарынын алкагында аракеттенүүсүнө   мүмкүнчүлүк жаратуу менен  анын Кыргызстанда  жүзөгө ашыруусуна түрткү берет.

Уюмдун  ишинде эл аралык жана бейөкмөи уюмдар менен  кызматташуу, идеяларды, тажырыйбаларды жана ыкмаларды ортого салуу, бөлүшүү да чоң мааниге ээ. Биздин  өнөктүк жана  тармактык кызматташуу  ачык, тунук, бири биринен көз карандысыздык принциптерине негизделип жүргүзүлөт. Ошондуктан мындай кызматташуулар  кесипкөйлүк жана  инсандар ортосундагы мамилелердин жакышруусуна  өбөлгө  түзөт.  Ошентип, кызматташуу уюмдун өнүгүүсүнө, кесипкөй кадрларды даярдоого, ошондой эле ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга  оң  таасирин тийгизет.  БӨУлар менен кызматташуунун жаркын үлгүсү катары  Альтернативалык отчетту даярдоону, АЖЗИ ишмердигине биргелешип катышууну, Кыргызстанда гендерди өнүктүрүү жана аялдардын укуктарын коргоо маселелерине таасири бар  атайын иш чараларды сүрөмөлөөгө катышууну айтсак болот.

Азыркы учурда Аялдарды Колдоо Борбору  Ишкер аялдарды Колдоо Ассоциациясы (WECA) менен биргеликте «Кыргызстандын жаңы шартында  аялдардын саясий жана жкономикалык  укуктарын илгерилетүү» долбоорун жүзөгө ашырып жатат. Ошондой эле  аталган долбоор алкагында  аймактык  БӨУлар менен натыйжалуу кызматташуу максатында  KIWROW тармагын