Кызматташтык тууралуу


Бул Меморандум коммерциялык эмес уюмдар ортосунда« Kyrgyz Women’s Right’s Activist Watch» (КР аялдарынын укуктарына мониторинг жүргүзүүбоюнча тармак / Кыргызстан аялдарынын укугун көзөмөлдөө / иликтөө / байкоо тармагы) мындан ары  «KyWRAW»деп аталган тармактын чегинде өз ара кызматташуусу боюнча  түзүлөт.

 

 1.      Жалпы жобо

«KyWRAW» бул «UN Women» тарабынан каржыланган, «Аялдарды колдоо борбору» тарабынан координациялоо менен иштеген уюмдардын  бирикмеси.

KyWRAW дун миссиясы — улуттук жана областтык эксперттердин потенциалын көтөрүү жана ар кайсы БӨУлардын күчтөрүн бириктирүү жана координациялоо аркылуу Кыргыp  Республикасынын кыз-келиндеринин саясий жана экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат.

KyWRAW Тармак принциптери мененаракеттенген аялдардын саясий жана экономикалык укуктары боюнча иштеген  БӨУлар, эксперттер жана Аялдар кыймылынын активисттеринин ортосундагы кызматташтыкты, өз ара иш-аракеттерди, бирибирине көрсөткөн көмөктөрүн координациялоо үчүн түзулдү.

KyWRAWнун интернет инструменттери аркылуу тармактын мүчөлөрү маалыматтар базасына, консултацияга, публикацияларга  (блогдорго,) маселелерди форумдарда талкуулоого мүмкүндүк алышат. Бул болсо маалымат алмашуунун жогорку ылдамдыктагы өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.

 2.       KyWRAWнун иштөөсүнүн негизги принциптери

 KyWRAWго мүчө болуу тармактын ичинде төмөнкү принциптерди сактоону талап кылат:

  • Кызматташтык( БӨУлар, активисттер менен кызматташууга  ачыктык, маалымат жана тажырыйба алмашуу)
  • Көз карандысыздык(өзүнүн пикирин, позициясын билдирүүгө укуктуу)
  • Ачыктык(ишмердиктин ачыктыгы, кызматташуууга, өз ара аракеттенүүгө жана маалымат алмашууларга  ачыктык)
  • Калыстык(чечим кабыл алууда объективдүүлүк)
  • Өз ара сыйлашуу жана жардам берүү
  • Демилгелүүлүк жана милдеттүүлүк –баштаган ишти аягына чыгаруу
  • Жоопкерчилик – бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн

 3.      Партнерду аныктоо (Тармактын мүчөсүн)

Тандоонун критерийлерине ылайык келген  уюм, эксперт жана активист  тармактын партнеру боло алат.

Уюм тууралуу маалыматты берүү (тарыхы, иш тажырыйбасы,зарыл жабдуулары, кызматкерлердин зарыл болгон саны жана алардын квалификациясы ж.б.)

  Адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен долбоорго тартылгандар, же социалдык изилдөөлөрун, толук тексттүү басылмаларын  жана медиа-продуктыларын KyWRAW менен бөлүшкон  уюмдар (АБӨУлары, адам укуктары жаатындагы эксперттер) KyWRAW нун партнеру боло алат.

4.     Тараптардын укуктары жана милдеттери

Бул кызматташтык тууралуу  Меморандум төмөндөгу укуктарды жана милдеттерди сактоону мойнуна алган  тең укуктуу  партнерлордун ортосундагы  мамилени күчөтүүгө жана мыйзамдаштырууга багытталган:

Укуктар жана Милдеттер

 KyWRAW тармагынын блогуна, форумуна , маалымат базасына мумкүндүктун ачылышы

Укуктар:

  • Тармактагы  маалыматты ала алгандык
  • Гранттык конкурстарга катышуу укугу
  •  Өзгөчө пикирге ээ укугу                                                                                                                         
  • Тармактык иш чараларга катышууга укугу
  • Техникалык-консультациялык (окутуу, методика) жана маалыматтык колдоолорго болгон укук
  • Тармактык ресурстарга карата укук

Милдеттер:

  • Өз убагында жана  толук кайра байланышууну камсыз кылуу
  • Ишмерликтер жана башка иш чаралар тууралуу өз убагында  маалымат берүү
  • Тармактын бардык иш чараларына катышуу
  • Алган милдеттенмелерге  ак ниеттүүлук  менен мамиле жасоо
  • Меморандумду кармануу
  • Тармактын оң  имиджин  колдоо жана сактоо
  • Тармактын стратегиялык планын жүзөгө ашырууга  колдон келишинче салым кошуу

5.      Кошумча жоболор

Бул кызматташтык тууралуу  Меморандум  тараптарга карата эч кандай  финансылык милдеттерди камтыбайт. KyWRAW  тармактын  ойдогудай иштеп туруусун жана  тармак менен байланышууга ар дайым мүмкунчулүктун болуп турушун камсыздоо милдетин алат, бирок  ал адам тарабынан жол берилген  техникалык себептерге/же каталардан келип чыккан трансмиисиялык проблемалар үчүн жооп бербейт.Кызматташтык тууралуу бул Меморандум   өзгөрүшү же  тараптардын жазуу түрүндөгү келишими боюнча  кайсы учурда болсо да бузулушу мүмкүн.Бул Меморандум кол коюу жана  мөөр менен  бекитилген.

Уюмдар

Жетекчи

Кол жана мөөр

1

 «Аялдарды  Колдоо Борбору» КБ

Алымкулова А. 

 

2

WESA

Баймамбетова Г. 

 

3

Чуйский женский центр

Ильясова С.

  

4

 «Лабрис» КБ

Торобекова Ж.

  

5

«Адамзатденсоолугу» КБ

Мукамбетов М.

  

6

 «Вентус» КБ

Рузиев К.Я. 

 

7

 «Бакубат» КБ

Орунбаева Т. 

 

8

 «Альянс по репродуктивному здоровью» КБ

Чиркина Г. 

 

9

 «Умай эне» КБ

Абдылдаева Ш. 

 

10

ОЮЛ «Ассоциация Женских Организаций» (AWO)

Кыдырмышева Б. 

 

11

 «Центр прав человека и демократии» КФ

Кубатбеков И. 

 

12

 «Аялзат», КЦ «Маана» КФ

Норузбаева М. 

 

13

 «Леди Ширин» КФ

Шабданбекова К. 

 

14

 «Нью-Вита» КФ

Ахмедова З. 

 

15

 «БакытАстанасы» КФ

Самсалиева Т. 

 

16

 «Омур     булагы» КФ,  «Жаныл Мырза» КБ

Мамбетова Т.

 

17

 «Лейлек Аялзаты»  КБ

Джалилова Н. 

 

18

ОО «Молодежная сеть равного обучения Y-Peer» КБ

Багышбаева Б.

 

19

ОФПГИ «Ковчег»

Кыдырмышев М. 

 

20

“Демократия жана граждандык коом үчүн Коалиция” коомдук бирикмесинин  Баткен аймактык өкүлчүлүгү

Шукуров  Б.

 

21

«Кен дуйно» жалгыз бой энелердин КБ

Кайдулатова У. 

 

22

 «Наш Век» КБ

Айтбаева Ч. 

 

23

«Алга» КБ

Джанаева О. 

 

24

 «ДИА» КФ

Ормонова А.

 

25

«өнүгүүнун жана окутуунун Чү аймактык борбору”КБ

Асанова Б.

 

26

Жалал-Абад чондорду окутуу борбору

Маматисламов А.