Кыргызстандын таанымал айымдары
Курманжан Датка
Курманжан Датка — кыргыз кыз-келиндеринин арасынан чыккан биринчи мамлекеттик ишмер. Эл аны “Алай ханышасы” жана “Түштүктүн маликасы” деп аташкан. Кыргызстандын бүтүндөй тарыхында Курманжандан башка аялдар арасынан “Датка”, которгондо “Генерал” дегенди билдирген наамга эки жолу эч ким татыктуу болгон эмес. Ал Алай тоолорунда жашаган Мөнгүш уруусунан болгон катардагы эле карапайым көчмөн үйбүлөдө 1811-жылы туулган. Аны 18 жашында өзүнөн бир топ жаш улуу байга күйөөгө берип коюшкан. Бирок Курманжан бардык салт-санааларга каршы туруп, күйөөсүнөн кетип, өз атасынын үйүнө келип алат. 1832-жылы Алымбек бий “Датка” титулун алат да Алай кыргыздарын башкарып калат. Ошол мезгилде анын көзү Курманжанга түшүп, ал кыздын калыңын кайтарып төлөп , башын ачат да ага үйлөнөт. 1862-жылы сарай төңкөрүшүндө Алымбек датка шейит кетип, Курманжан өз тегерегине берилген, мыкты жигиттерди, баатырларды топтойт. Тарыхта айтылгандай ,ал 10миң өзүнө берилген жигиттерден турган армияны жетектеген. Кийинчерээк ал Алайдын башкарган ханыша болуп калат. Аны Бухара менен Кокондун хандары да тааныйт. Курманжан Датка кыргыз элинде аялдардан чыккан жалгыз хан болгон жана аны “улуттун энеси” деп кадырлашкан. Бул улуу аял тууралуу көптөгөн легендалар аликүнчө айтылып келет. Алай аймагы 1876-жылы Орус империясына кошулган. Курманжан Датка Орус бийликтери менен достук мамиленин калыптанышына аракет кылган. Датка атак-даңкка жетип турган маалда анын эки уулу жана эки небереси контрабандага катышты жана бажы чиновниктерин өлтүрдү деген айыпка калышат. Курманжан өзүнүн улуу даражасы болуп туруп жакындарын өлүмдөн арачалай албайт. Элди сыйлагандыктан, бөөдө кан төгүлүүдөн сакташ үчүн керек болсо өзүнүн эң жакшы көргөн уулу Камчыбекти да Ош шаарындагы аянтта даргага асуудан коргоп калбайт. Бул окуядан соң Курманжан Датка уят менен намыстан, кайгыдан басынып, коомдук ишин, башкаруучулук бийлигин таштайт , иш сапарларга чыкпайт. Ал 96 жашында 1907-жылы Ош шаарына жакын Мады айылында сүймөнчүк уулу Камчыбектин чапанын көкүрөгүнө кысып, жыттап жатып каза болот.
Курманжан Датканын 2 уулу, 2 кызы, 31 небереси, 57 чебереси жана 6 кыбырасы болгон. Аны акын да болгон дешет.
2002-жылы бул улуу инсан тууралуу 3 — кыргыз, орус, англис тилдеринде китеп чыккан. 2004-жылы Бишкек шаарынын Эркиндик гүлбагында ага эстелик тургузулат. Анын сүрөтү Кыргызстандын 50 сомдук банкнотуна түшүрүлгөн. Бишкек шаарынын көчөлөрүнун бири анын ысымына коюлган.
Мануилова Ольга Максимилиановна
Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү О.М.Мануилова (Тихомирова) 1893-жылы 30-октябрда Нижний Новгороддо аскер врачынын үй-бүлөсүндө туулган. 1912-жылы 19 жаштагы Ольга скульпторлор Хофштедер менен Шверегленин жеке мектептеринен окуу үчүн Мюнхенге барат. Бир жылдан кийин Москвага келип, билимин андан ары улантат.
Кыргыз Өкмөтүнүн чакыруусу менен 1939-жылы О.М.Мануилова Т.Сатылгановдун эстелигинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн республикага келет. Кыргызстандын адамдары, жаратылышы сүрөтчүгө абдан жаккандыктан, О.М.Мануилова бул жерде түбөлүккө калууну чечет. Ушул учурда Фрунзеде (азыркы Бишкек) С.А.Чуйков, Г.А.Айтиев, С.Акылбеков өңдүү таланттуу сүрөтчүлүрдүн тобу түзүлүп калган эле. Скульпторлордон болсо О.Мануилова биринчилерден эле.
Анын колунан “БЧКнын куруучулары”, “Фронтко жардам”(1942-ж) портреттери жана генерал, И.В.Панфиловдун эстелиги жаралган. Кийинчерээк анын долбоорлору боюнча Ж.Бөкөнбаевдин, Т.Молдонун, М.Куренкеевдин эстеликтери Фрунзе шаарына тургузулган. Анын портреттик галареясынан согуштун жана эмгектин ардагерлеринин, коомдук ишмерлердин, карапайым адамдардын образдарын көрө алабыз. Анын колунан 600дөн ашуун скульптуралык чыгармалар жаралган. Алар азыр да Бишкектин көчөлөрүн көрккө бөлөп турат.
О.Мануилованын эң мыкты портерттик эмгеги “СССРдин Эл артисти С.Кийизбаеванын портрети” (1952-ж) жана “Жаш кыргыз” (1955-ж) портрети болуп саналат.
Өкмөт анын эмгектерин эске алып “Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү” деген наам ыйгарат. “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак Белгиси” ордендери жана бир канча медалдар менен сыйлайт.
Зууракан Кайназарова
Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры З.Кайназарова 1902-жылы 18-июнда (эскиче 5-июнда) Кыргыз ССРинин Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында төрөлгөн. Сокулук районундагы “Дружба” колхозунда звено жетекчиси болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган звено 15 гектар жерден ар бир гектарынан 971,5 центнер кант кызылчасын жыйнап алган. Анын кужүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946гг) жана үчүнчү (1950-1954гг) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Кызылча талаасындагы үзүрлүү жана кажыбаган эмгеги Өкмөт тарабынан жогору бааланып, ал СССРдин эң бийик сыйлыктарына: Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры наамына (1948-ж жана 1957-ж), 3 Ленин орденине (1941-ж, 1947-ж, 1948-ж) жана Эмгек Кызыл Туу орденине (1946-ж) ж.б. татыктуу болгон. Кыргыздын кызылчачы, баатыр кызы 1982-жылы дүйнөдөн өткөн.
Бишкек шаарындагы Эркиндик гулбагында (мурдагы Дзержин бульвары) З.Кайназаровага эстелик орнотулган.
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине ысмы берилген. Ал тууралуу “Шекердин өрөөнү” деген документалдуу фильм тартылган.
Уркуя Салиева
Кыргызстандын түштүгүндө Совет бийлигинин негиздилиши үчун активдүү күрөшкөн У.Салиева 1910-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мерки-Мүркүт айылында (азыркы 1-май айылы) туулган.18 жашында У.Салиева айылдык кеңештин төрайымдыгына шайланат. Бир жыл өткөн соң 1928-жылы ВКП(б)га мүчөлүккө өтөт. Жапжаш, 19 гана жаштагы Уркуя “Кызыл-Аскер” колхозун уюштурат. Анын мындай активдүү ишмердиги эске алынып, ал АССРдин Борбордук Аткаруу Комитетине мүчөлүккө шайланат. У.Салиеванын совет бийлиги үчүн аял башы менен активдүү күрөшө баштаганы жергиликтүү байларга жакпайт. Аны 1934-жылы совет бийлигинин душмандары үйүнө келип күйөөсү экөөсүн тең мыкаачылык менен өлтүрүп кетишет. Чиедей 3 баласы жетим калат. Ошол жылы болуп өткөн колхозчу аялдардын биринчи съезд инде делегат кыз-келиндер атайын Кайрылуу кабыл алышат. Анда Уркуяны жана анын күйөөсүн өлтүргөндөрдү сөзсүз таап, аёосуз жазалоого жана мындан ары колхозду негиздөөгө аялдарды активдүү катышууга чакырышат. Бул Кайрылуу “Советс кая Киргизия” гезитине басылып чыгат. Дыйкандардын өтунүчү менен Уркуя түзгөн колхозго анын ысмы берилет. У.Салиеванын ысмы Бишкектин чоң көчөлөрүнүн бирине берилген жана ал тууралуу “Отко таазим” деген көркөм фильм тартылган.
Кумушалиева Сабира
Кыргыз Эл артисти Кумушалиева Сабира Кыргыз Республикасынын Фрунзе облусуна караштуу (Азыркы Чүй облусу) Төкөлдөш айылында 1917-жылы 19-мартта туулган.
Фрунзедеги педагогикалык техникумду аяктаган. Техникумду 15 жашында аяктап, башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген. Мектепте эки жыл эмгектенген соң, Кыргыз драмалык театрына келип актриса болуп иштей баштайт.
1967-жылы ага Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген наам ыйгарылат. Бул таланттуу аял Кыргызстандын профессионалдык театр искусствосунун баштоочуларынын бири болуп саналат.
Театрда жана кинодо С.Кумушалиева 100дөн ашуун ролдорду аткарган. Ал 1966-жылдан киного тартыла баштаган. Анын аткарган ролдору өзүнүн ар түрдүү мүнөздөрү, көркөмдүгү жана курчтугу менен элдин эсинде калды. Ал “Ак кеме”, “Уркуя”, “Лифт”, “Эрте жаздагы турналар” жана башка көптөгөн фильмдерде башкы ролдорду ойногон.
С.Күмүшалиева 90 жашка чыгып, 2007-жылы 15-сентябрда дүйнөдөн кайткан. Атактуу актрисанын ысмы Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги көчөгө берилген.
Кийизбаева Сайра
Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артискасы, мыкты ырчы, педагог, профессор С.Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Фрунзе облусунун (азыркы Чуй облусу) Төкөлдөш айылында төрөлгөн.
С.Кийизбаева чоң, кыйын, бирок бактылуу чыгармачылык жолду басып өткөн инсан. Ал элдин эсинде улуттук жана дүйнөлүк опералык репертуарлардагы башкы партияларды биринчи жолу аткарып чыккан кыргыз ырчысы катары калды. Атап өтсөк “Алтын кыз” (1937-ж)музыкалык драмасында Ажар менен Чынардын, В.Власов, А.Малдыбаев жана В Ференин “Айчүрөк” операсында (1939-ж) Айчүрөктүн, “Евгений Онегинде” (1942-ж) Татьянанын, Дж Пуччининин “Чио-Чио-Сан операсында (1943-ж) Чио-Чио-Сандын, “Манас”та (1946,1966-жж) Каныкейдин жана башка көптөгөн чыгармалардагы ролдорду мыкты ойногон.
Чынында өз ишинин асыл кесипкөйү болгон бул ырчы бир канча мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон. 22 жашында “Эмгек Кызыл Туу ордени” менен сыйланат. 1939-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, ал эми 1942-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наамдарына ээ болгон. 1946-жылы болсо Ленин, 1951-жылы “Ардак Белгиси” ордендерин алат. 1958-жылы СССРдин Эл артисти деген ардактуу наамга жетет.
1988-жылы жарык дүйнө менен кош айтышат.
С.Кийизбаеванын ысмы Бишкектин түштүк тарабындагы жаңы конуштардын бириндеги көчөгө берилген.
Жетикашкаева Нуркамал
Акын Н.Жетикашкаева 1918-жылы Сокулук районундагы Жыламыш айылында туулган.
Жаштайынан эле ыр жазып жүргөн. Анын ырлары 1937-жылдан тартып жарык көрө баштайт.
1941-жылы Луначарский атындагы Москва институтун аяктаган соң, 23 жаштагы Нуркамал Кыргыз театрында артист болуп иштеп калат. Ошол эле учурда ал Кыргыз тили, адабияты жана тарыхы институтунда илимий кызматкер да болуп иштейт.
1949-жылы анын “Жанган жалын” деген биринчи поэмасы басылып чыгат. 1946-жылы СССР Жазуучулар Союзуна ардактуу мүчөлүккө алынат.
Бу дүйнөдөн жаш өткөн Нуркамалдын ырларынын жана поэмаларынын толук топтому 1953-жылы китеп болуп жарык көрөт. Анын орус тилинде чыккан “Я дочь Октября” китеби да коомчулукту кайдыгер калтырган эмес.
Өзүнүн 34 жылдык аз өмүрүндө Н.Жетикашкаева “1941-1945-жж Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган. Анын “Жанган жалын” (1949-ж), “Жаңырган өлкөдө” (1951-ж), “Нуркамалдын ырлары жана поэмалары” (1953-ж), “Ырлар жана поэма” (1978-ж), “Ырлар жана поэмалар” (1988-ж) жана “Я дочь Октября” (1958-ж) китептери жарык көргөн.
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине анын ысымы берилген.
Даркүл Күйүкова
СССРдин Эл артисткасы Д.Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Кыргызстандын Ворошилов районунун Төкөлдөш айылында туулган.
Ал өзүнүн сахнадагы ишмердигин 1936-жылы Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөрдүн театрында иштөөдөн баштаган. Ошондон бери ал жүздөн ашуун ар түркүн мүнөздөгү ролдорду аткарып, бийик көркөмдүктө жаралган аялдардын образдары республиканын театр искусствосунун казынасын байытты. Д.Күйүкова жаратылыш аянбай берген өзүнүн актердук чеберчилигинин аркасы менен Академиялык Кыргыз мамлекеттик драма театрында мыкты делген спектаклдерде эң татаал, эң жаркын образдарды жарата алган.
Анын эң алгачкы ролдорунун бири К.Маликов менен А.Куттубаевдин “Жаңыл” пьесасындагы Жаңылдын образы болгон. Көп жылдык чыгармачылыгында Д.Күйүкова дүйнөлүк , орус классикалык чыгармаларындагы, ошондой эле кыргыз улуттук драматургиясындагы эң кызыктуу да, татаал да башкы ролдорду ойноду. Алсак, А Островскийдин, М.Горькийдин,, В.Шекспирдин, Т.Абдымомуновдун, Б.Жакиевдин , Ч.Айтматовдун, Ж.Садыковдун, Г.Лоркинин, Б.Брехтин ж.б. көптөгөн улуу калемгерлердин чыгармаларындагы Кабаниханын, Васса Железнованын, Меланьянын, Багдагүлдун, Гонерильянын, Огудалованын, Хлестованын, Оңолкандын, Толгонайдын, Чыйырдынын, Бернарда Альбанын ролдорун аткарган. Анын актердук чеберчилигинин туу чокусу болуп Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча коюлган “Саманчынын жолу” спектаклиндеги Толгонайдын образы болду. Актер кыргыздын кайраттуу, акылдуу, нукура байбичесинин образын зор чеберчиликте жарата алган. Таланттуу инсан бир топ кинолорго да тартылган.
Анын эмгектери эске алынып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болгон. Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти наамдарын алган. Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ардактуу лауретына татыган. Ошондой эле бир канча ордендер жана медалдар менен сыйланган. Д.Күйүкова 1997-жылы 20-мартта дүйнөдөн өткөн.
Анын ысмы борборубуздун жаңы конуштарынын биринин көчөсүнө берилген.
Бакен Кыдыкеева
СССРдин Эл артисти Б.Кыдыкеева 1920-жылы 20-сентябрда Кант районундагы Октябрь айылында туулган.
Сахнадагы ишмердигин 16 жашында Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенүүдөн баштаган. 21 жашында Прежевальск жана Нарын облусттук театрларына иштөөгө барат. Ал жактарда 3 жыл иштеген соң, 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрына келип орношот.
Б.Кыдыкееванын эмгектери эске алынып, 1970-жылы СССРд ин Эл артисти деген наам берилет. Ушул эле жылы театрдагы мыкты чеберчилиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына ээ болот. Андан соң Б.Кыдыкеева 1977-жылы Бүткүл союздук кинофестивалда “Актердук иш үчүн сыйлык” номинациясын жеңип алат.
Б.Кыдыкеева “Салтанат” (1955-ж), “Токтогул (1959-ж), “Биринчи мугалим” (1965-ж), “Саманчынын жолу” (1967-ж), “Караш-караш” (1969-ж), “Комиссар” (1969-ж), “Ата-бабалардын сыры” (1972-ж), “Көчө” (1973-ж) жана башка көптөгөн фильмдерде башкы ролдорду профессионалдык деңгээлде мыкты, чебер ойногон актриса болгон.
Ал 74 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы ыйгарылган.
Бейшеналиева Бүбүсара
Эл артисти Б.Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Бишкек шаарынын Аламүдүн районунун Таш-Төбө айылында жарык дүйногө келген.
Б.Бейшеналиева 1936-жылы Ленинград Мамлекеттик хореграфиялык окуу жайына кирип, аны 1941-жылы ийгиликтүү аяктайт да, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисткасы болуп калат. 1947-жылы ага Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист деген ардактуу наам берилет.
23 жашында Бүбүсара Бишкектеги хореграфиялык окуу жайында сабак берет. Анын биринчи башкы ролу “Селкинчек” балетиндеги Зайнура болгон (1943-жылы, балетмейстер Л.М. Крамаревский). “Чолпон” балетиндеги (композитор М.Раухвергер, балетмейстер М.М.Крамаревский) Айдайдын жана Раймонданын(композитор А.Глазунов, балетмейстер В.В.Козлов) партиялары алгач ирет ага жалпы элдик чоң атак-даңкты алып келген. Сиңирген эмгектери эске алынып, 1954-жылы ага Кыргыз ССРинин Эл артисти деген наам ыйгарылат. Б.Бейшеналиева 44 жашында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болот. Ал “Бахчисарй фонтанында” (Б.Асафьев, 1949-ж) Мария жана Зареманын, “Ак куу көлүндө” (П.Чайковский, 1950-ж) Одетта-Одиллиянын, “Кызыл кызгалдакта” (Р.Глиер, 1950-ж) Тао Хаонун, “Уйкудагы сулууда” (П.Чайковский, 1956-ж) Авроранын, “Куйручукта” (К.Молдобасанов, Т.Окунев, 1960-ж) Зейнептин, “Ромео жана Жульеттада” (С.Прокофьев, 1962-ж) Жульеттанын жана башка көптөгөн чыгармаларда башкы ролдорду ойногон.
Сахнадан тышкары Б.Бейшеналиева мамлекеттик и шмердиктерди да жүргузгөн. 1955-жылы ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советине, андан кийин 1962-1970-жылдары СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. “Эмгек Кызыл Туу” , “Ардак Белгиси” ордендери жана бир канча медалдар менен сыйланган.
Б.Бейшеналиева кыргыз искусствосун дүйно элине тааныткан таланттардын бири болуп саналат.
Анын эстелиги Кыргыз Академиялык опера жана балет театрынын жанына коюлган.
Ысымы Бишкек шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.
Динара Асанова
РСФСРдин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Д.Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзе шаарында туулган.
Орто мектепти аяктаган соң 1960-1962-жылдары Кыргызфильм киностудиясында иштеген. Ошол мезгилде ал “Тянь-Шандык кыз”, “Ар кимдин өз жолу бар” кинолоруна тартылган. Андан соң Л.Е.Шепитьконун тобуна кошулуп, анын “Аптап” фильминде иштеген.
1968-жылы Д.Асанова ВГИКтин режиссерлук факультетин аяктайт. Аталган окуу жайда М.И.Ромм, А.Б. Столпер сыяктуу мыкты адистерден сабак алат. Дипломдук иши үчүн В.Г.Распутиндин аңгемеси боюнча кыскаметраждуу “Рудольфио” киносун тартат. Анын 1974-жылы “Ленфильм” киностудиясында тарткан толук метраждуу “Тоңкулдактын башы оорубайт” киносу көрүүчүлөр жана кино сынчылардын көңүлүн өзгөчө буруп, ага биринчи атак-даңкты алып келет. Андан соң “Башкага берүүгө болбой турган ачкыч” (1977-ж), “Кайгы” (1977-ж), “Аялым кетип калды” (1979-ж), “Макоо” (1980-ж), “Боз балдар” (1983-ж), “Жагымдуу, кымбаттуу,сүйүктүү, жалгыз…” (1984-ж) фильмдерин жараткан.
Д.Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманск шаарында “Бейтааныш” фильмин тартып жургөн м аалда кокустан каза болуп калат. Сөөгү Бишкек шаарына коюлган. Д.Асановага жана анын чыгармачылыгына арнап И.Алимпиев “Баарыңарды абдан сүйөм” жана В.Титов “Динара” деген документалдуу фильмдерди тартышкан.
Борбор шаарыбыздагы көчөлөрдүн бирине анын ысмы берилген.