Кыргыз Республикасындагы аялдар кыймылынын тарыхы
1995-жылы эгемен Кыргызстандын аялдары биринчи жолу Пекинде өткөн аялдар акыбалы боюнча бүткүлдүйнөлүк конференцияга катышкан. Бул республикадагы аялдар кыймылындагы жаңы доордун – аялдар жана гендер маселелерин кайрадан ойлонуп, карап чыгуунун башталышы болду. Төмөнкү фактылар мунун далили боло алат.
1996 -жыл
- Жогорку Кеңеш тарабынан аялдардын укуктары боюнча 5 Конвенция ратификацияланган.
- 1996-жыл аялдар жылы деп жарыяланган. Ушул жылы Үйбүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
- 1996-2000-жылдарга карата Кыргыз Республикасында аялдардын акыбалын жакшыртуу боюнча «Аялзат» Улуттук Программасы иштелип чыккан.
1999 -жылы – CEDAW Комитетине биринчи ирет улуттук отчет сунушталган.
2000 –жыл:
- Гендердик компонентти улуттук саясаттын, өнүгүү багыттарынын жана программаларынын бардык жагдайларына кийирүү максатында Аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия Президентке караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүгүү боюнча Улуттук Кеңеш болуп өзгөртүлдү.
- 2001-жыл – «Аялдар кылым тогошоор мезгилде» Улуттук Конференциясы болду. Бул иш-чарада 2002-2006-жылдардагы Кыргыз Республикасында Улуттук «Аялзат» Программасынын жүзөгө ашуусунун жыйынтыгы жана гендердик теңдикке жетүүнүн иш-аракеттеринин планы каралды. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын «Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө» мыйзамы кабыл алынды.
2002 –жыл
- КР Президентинин Жарлыгы менен 2002-2006-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жетүүнүн иш-аракеттеринин улуттук программасы бекитилди.
- Лидер аялдарды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча КР Президентинин Жарлыгы чыкты.
2003 –жыл
КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны үйбүлөдөгү зомбулуктан социалдык жана укуктук жактан коргоо жана аялдардын бирдей укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эки мыйзамды кабыл алды
2004 –жыл:
- «БӨУлар Кеңеши» деген аталыштагы тармактык уюм түзүлдү;
- БӨУлар Кеңешинин атынан (7 БӨУ) CEDAW Комитетине Альтернативалык отчет сунушталды
2005 -жыл
- Аялдар уюмдарынын улуттук форуму түзүлдү;
- Президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңеште гендер маселелери боюнча Президенттин Атайын өкүлү дайындалды.
2006 -жыл:
- КР Президентинин «Гендердик саясатты жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыкты;
- CEDAW го карата Факультативдик Протокол ратификация болду;
2007 -жыл:
- КРнын Конституциясынын жаңы редакциясында (2010) эркектердин жана аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги тууралуу принцип бекитилди;
- Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди;
- Кыргыз Республикасынын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына гендердик квота киргизилди;
- 2007-2010-жылдарга Аракеттердин Улуттук Планы (АУП) кабыл алынды.
2008 –жыл :
- КР Өкмөтүнүн CEDAW Комитетине III мезгилдүү баяндамасы сунушталды.
- БӨУлар Кеңешинин CEDAW Комитетине Альтернативалык отчету сунушталды
- Аялдардын мыйзамдык демилгелеринин альянсы (АЖЗИ) түзүлдү.
Жогоруда тизмеленгендей Кыргызстандагы гендердик саясаттын өнүгүшү мамлекеттин да, аялдардын бейөкмөт кыймылдарынын да биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасы болгон.
Белгилей кетчү нерсе, алгач аялдардын укуктары боюнча эл аралык документтерге кошулуу, улуттук мыйзамдарды кабыл алуу алгач декларативдүү мүнөзгө ээ болуп, аларды колдонуу практикаланбай келген. Мамлекет тарабынан кабыл алынган ар бир кадам республиканын өкмөттүк эмес аялдар уюмдары тарабынан демилгеленип, сүрөмөлөнгөн. Булардын ичинен бөтөнчө активдүүлүктү Социалдык технологиялар агенттиги, Аялдарга жардам борбору, Ишкер аялдардын Ассоциациясы , Алга, АЦПГО, Кризистик борборлор ассоциациясы, «Сезим» кризистик борбору, «Жалал-абаддын лидер аялдары», «Лидер» (Каракол) жана башкалар көрсөттү.
Кыргызстандын аялдар кыймылы аялдардын укуктарын коргоо жөнүндө формалдуу билдирүүлөрдөн конкреттүү иш-аракеттерге өтүү менен аялдар маселесин кароодон гендердик маселелерге өтүү менен , тактап айтканда өнүгүү программаларын иштеп чыгууда, аларды жүзөгө ашырууда жана аларга мониторинг жасоодо аялдар активдүү катышуу аркылуу сапаттык жаңы өзгөрүүлөрдү баштан кечирди,
3 жыл өкүм сүргөн жалаң эркектерден турган парламент аялдарды улуттук деңгээлде бардык чечим кабыл алуучу маанилүү чөйрөлөрдөн толук сүрүп гана чыгарбастан, ал мыйзамдык багытта да артка кетүүнү шарттады. Ушул парламент иштеп турган учурда көп аял алууну жана абортко тыюу салууну мыйзамдаштыруу демилгелери көтөрүлүп, аялдар топторунун катуу каршылык көрсөтүүсүнөн гана токтоп калган. Аткаруу бийлигинде да чечим кабыл алуучу деңгээлдерден аялдар биротоло сүрүлүп калганы да кырдаалды курчутуп жиберген.
Парламенттик шайлоодон кийин активист жана феминист аялдардын тобу CEDAWнун негизги жоболорун жүзөгө ашыруу багытында лобби-кампанияны башташат. Алар Жогорку Кеңештеги Президенттин гендердик маселелер боюнча өкүлүнүн болушу тууралуу идеяны коюшту. Бир топ сунуштарды алга жылдыруу максатында активисттер президент менен жолугушуу өткөрүп, анда атайын өкүлгө кимди сунуштап жаткандыктарын да билдиришти. Бул кызматка бардык активист аялдардын топтору менен макулдашылган талапкер , юридика илимдеринин кандидаты,, белгилүү юрист, үйбүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамды иштеп чыккандардын бири А.Ниязова болду. Президент булл сунушту колдоп. А.Ниязова Жогорку Кеңеште гендердик теңдикти илгерилетүүгө киришти.
Аялдар БӨУларынын активисттери аялдардын укуктарын коргоонун жаңы институционалдык механизмдерин табууну ойлонуп жатышты. Биригип, чогуу күрөшүүдөн башка аларга жол жок эле. Алар биригип алып жалаң эркектерден турган парламент депутаттарына карата сүрөмөлөөнүн бир топ ыкмаларын колдонушту. Алсак, факс аркылуу чабуул коюшту, 8-март алдында аларга гүл көтөрүп барышты. Мындан тышкары алар депутаттардын ар бири менен баарлашууга үлгүрүштү. Анткени гендердик квотаны кийирүү жана көп аял алуу тууралуу маселени көтөргөн «Саясий партиялар жөнүндө» жана «КР жарандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кигизүү жөнүндөгү» мыйзамдар депутаттар тарабынан талкууга алынганы жаткан. Ошентип, АЖЗИ мүчөлөрүнүн талыкпаган аракеттеринен кийин Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган мыйзамдардын тиешелүү статьялары боюнча аялдардын пайдасына добушун берди. Жыйынтыгында аялдарды саясатта колдооонун атайын иш чарасы бекитилди, тактап айтканда аялдардын 30 пайыздуу өкүлчүлүгү кийинки 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо камсыз болду.
2008-жылы түзүлгөн аялдардын мыйзамдык демилгелеринин альянсынын (АЖЗИ) максаты – гендердик багыттагы мыйзам чыгаруу демилгелерин сүрөмөлөө жана гендердик саясаттын жүзөгө ашуусуна мониторинг жүргүзүү аркылуу аялдардын саясий үнүн жана таасирин күчөтүү. Курамына эң активдүү аялдардын бейөкмөт уюмдары (АСТ, ЦПЖ,Алга, АЦПГО,WECA,Сезим, ЦГИ, Лидеры женңин Жалал-Абада, Лидер(Каракол) жана башкалар кирген АЖЗИ түзүлөөрү менен аялдардын демилгелүү тобу аялдардын укуктары боюнча лобби-кампаниясын активдүүлүк менен баштады.
Кыргызстандын аялдарынын бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардагы гендердик эскпертиза жүргүзүү процедурасын жана Конституциядагы гендердик теңдик принцибин сактоо менен Конституциялык жыйында Кыргыз мамлекетинин динден тышкары экендиги жөнүндө маселе талкууланганда чоң салымын кошо алды.