Аялдар кыймылынын демилгелери

Аялдар кыймылынын демилгелери

  Кыргызстандын БӨУларынын «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» аталыштагы шайлоо алдындагы биргелешкен аракеттеринин  платформасы

2005-жылдын  27-февралында өтүүчү Кыргыз Республикасынын бир палаталуу Жогорку Кещешине шайлоолор алдында  өкмөттүк эмес сектордун  өкүлдөрү биригип «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» деген аталыштагы Биргелешкен Аракеттердин Платформасын (БАП) иштеп чыгышты. Мунун максаты келе жаткан шайлоолор аркылуу чечим кабыл алуучу  дещгээлде гендердик тещдикке жетүүгө  багытталган.

Бул демилгенин жүрүшүндө аракеттердин биргелешкен платформасына кирген БӨУлар төмөнкүдөй  фактыны белгилешти:

«Кыргызстанда  азыр лидер аялдар үчүн жагымсыз шарт түзүлүп калды. Эгер саясий — шайлоо процесстеринде  ушул көрүнүш сакталып отурса, алдыда шайлана турган парламентте аялдардын мандат алуусу өтө кыйындайт».

БАПтын максаты: өлкөнүн шайлоочуларын  саясатта аялдардын аз экендигине көщүлүн буруусуна  жана шайлап жаткан депутатынын гендердик маселелер менен алектенүүгө даяр экендигин  эске алууга чакырат.

БАПтын демилгечилери  Меморандум иштеп чыгышты. Бул документ  коомдук уюмдардын, ошондой эле  Платформага кызыгып, анын идеяларын колдоп, кызматташам дегендердин баарына  кошулууга ачык болгон. Меморандум 100 күн бою- 2004-жылдын 26-октябрянан  2005-жылдын 2-февралына чейин, депутаттыкка талапкерлердин  шайлоо алдындагы расмий  кампаниясына чейин улуттук конференциянын, облустук тегерек столдордун, пресс-конференциялардын, семинарлардын жана жамааттардын мүчөлөрү менен маалыматтык жолугушуулардын жүрүшүндө  талкууга алынды.

2005-жылдын 28-январында  Платформанын стратегиялары менен бирге экендиктерин билдирип, Меморандумга  123 бейөкмөт уюмдар, 150 мамлекеттик уюмдар, 91 жеке кампаниялар, 3549 жаран кол коюшкан.  Белгилей кетчү нерсе  өлкөнүн ар кайсы аймактарынан аялдарды саясий жактан илгерилетүү идеясын колдоп  562 эркек да колдорун коюшкан.

Кыргызстандын БӨУларынын «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» аталыштагы  Шайлоо алдындагы  Биргелешкен Аракеттеринин  платформасынын

Жыйынтыгы 

БӨУларынын «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» аталыштагы  Шайлоо алдындагы  Биргелешкен Аракеттеринин  платформасы 2005-жылдагы шайлоолор аркылуу чечим кабыл алуучу дещгээлде  гендердик тещдикти илгерилетүү үчүн жарандык  демилгелердин  ынтымагынын жыйынтыгы болду.

Бул Кыргызстандгы гендер багытында   активдүү иштеген төмөнкү БӨУлар аркылуу демилгеленди:


  • Аялдарды колдоо  борбору
  • Гендердик изилдөөлөр борбору
  • Социалдык технологиялар  агенттиги
  • «Диамонд»  Ассоциациясы
  • Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы
  • Кризистик борборлор ассоциациясы

Башталган учуру: 2004-жылдын 26 -октябры, депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы расмий  үгүт иштери башталаарына 100 күн калганда.

Максаты: өлкөнүн шайлоочуларын  саясатта аялдардын аз экендигине көщүлүн буруусуна  жана шайлап жаткан депутатынын гендердик маселелер менен алектенүүгө даяр экендигин  эске алууга чакырат.

Биргелешкен Аракеттердин Платформасын кирген демилгечилер бул фактыны белгилешти:

«Кыргызстанда  азыр лидер аялдар үчүн жагымсыз шарт түзүлүп калды. Эгер саясий- шайлоо процесстеринде  ушул көрүнүш сакталып отурса, алдыда шайлана турган парламентке аялдардын мандат алуусу өтө кыйындайт».

2005-жылдагы парламентке  депутаттыкка 389  талапкер болуп катталгандардын  болгону  65 гана ( 11,5) аялдар болуп саналат, анын ичинен  30 аял бир мандаттуу округдардан, 35 аял партиялык тизме боюнча көрсөтүлгөн. (1)

Келечектеги парламентте гендердик баланска жетүү жана паритеттик демократиянын негиздерин калыптандыруу бардык талапкер аялдар жещишке жеткен чакта гана ишке ашат. Бирок бул бүгүнкү шарттан алганда  реалдуу эмес, талапкер аялдардын баары теңөтпөөсү чындык.

Меморандумду жана  Аракеттердин Платформасынын багыттарын талкуулоо төмөнкүдөй бир канча иш-чаралардын жүрүшүндө ишке ашты:

  • 5 улуттук конференциялар
  • 12 тегерек столдор
  • 99 жолу өткөн жергиликтүү жамааттар менен жолугушуулар
  • 3 семинар
  • 2 пресс-конференция

 

Аймактар Уюмдар Жеке адамдар
Мамлекеттик структуралар БӨУлар бизнес  

аялдар

 

эркектер

Баткен облусу 10 3 1 119 23
Бишкек ш. 5 9 1 227 15
Жалалабат облусу 91 60 66 440 49
Иссык-Көл облусу 8 6 1 429 48
Нарын облусу 19 22 6 641 120
Ош облусу 6 11 9 518 148
Талас облусу 7 5 4 174 45
Чуй облусу 4 7 3 439 114
Бардыгы 150 123 91 2987 562

Шайлоо алдындагы Биргелешкен Аракеттердин Платформасынын мүчөлөрү  өлкөдө  аялдардын жана аялдар уюмдарынын баш кошуусу  аркылуу  аял лидерликтерин колдоо акциясы  олуттуу мааниге ээ болуу менен аялдардын саясий жактан илгерилөөсүндө  жащы позитивдүү тарыхтын  башталуусуна өбөлгө болооорун баса белгилешти.

( 1).2005-ж. 25- январга карата КР БШКнын маалыматтары

БӨУлардын  «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» аталыштагы  Шайлоо алдындагы  Биргелешкен Аракеттеринин  Платформасынын

МЕМОРАНДУМу

Биз, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү демократиялык өнүгүүлөрдүн процесси  өлкөнүн мамлекеттик бүтүндүгүн аныктаганын түшүнүү менен;

Демократия  баарынан мурда мыйзамдардын үстөмдүгү жана адам укуктарын жана эркиндигин кыйшаюусуз сактоо деп эсептеп;

Демократияны куруу  чечим кабыл алуу процесстерине аялдар менен эркектерди  бирдей катыштыруусуз мүмкүн эместигине бөркүбүздөй ишенүү менен; Аялдардын чечим кабыл алуу дещгээлдериндеги  аз катышуусуна кооптонуу менен; Коомду кайра түзүүгө бардык прогрессивдүү күчтөрдүн баш кошуусунун зарылдыгын эске алуу менен;  КРнын эл аралык убадаларын, улуттук программаларын жана мыйзамдарын көщүлгө алуу менен;

Эл аралык тажырыйбага жана КРдагы БӨУлардын миссиясына таянуу менен; Жащы демократиялык, эгемен мамлекетти куруу ар бир жарандын жоопкерчилиги жана милдети экенин түшүнүү менен;  Кыргызстанды адам укуктарынын өлкөсү  деген  жалпы улуттук идеяны  бекем кармоо менен

Билдиребиз:

 1.Чечим кабыл алуу дещгээлинде гендердик тещдикти камсыз кылуу үчүн  жарандык демилгелердин  биригишинин  максатында түзүлгөн  бул шайлоо алдындагы аракеттердин платформасын кабыл алабыз.

2.Бул «Аялдарды илгерилетүү үчүн» Биргелешкен  Аракеттердин Платформасы  Кыргызстандын БӨУлары ортосундагы  коомдук келишим.Ал  кызматташтыктын демократиялык принциптерине жана  өз эркин эркин билдирүүгө негизделген.

3. Бул «Аялдарды илгерилетүү үчүн» Биргелешкен  Аракеттердин Платформасы   гендердик өнүктүрүүнү кошуу менен демократияны  мындан ары өнүктүрүү жана бекемдүү максатында  жарандык коомдун жана мамлекеттик бийликтин институттарынын аракеттерин  бириктирүүгө багытталган.

4. Бул платформа биздин  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кещешине  депутатыкка талапкерлерди каттоо аяктаарына  чейин калган 100 күн ичиндеги  аракеттерибиздин планы болуп саналат.

5.Биздин аракеттерибиз  электоратты жана  лидер аялдарды активдештирүү аркылуу  бийликтин өкүлчүлүктүү бутактарында  гендердик паритетке жетишүүгө багытталган.

6.Биздин аракеттерибиз  2005-жылдагы шайлоолордо  аялдардын саясаттагы илгерилөөсүн маалыматтык камсыздоого багытталган. Бул  шайлоо алдындагы  «Аялдарды илгерилетүү үчүн!» аракеттердин  платформасы төмөнкү  БӨУлар аркылуу иштелип чыгып, кол коюлду:

  • Аялдарды колдоо борбору
  • Соиалдык технологиялар агенттиги
  • «Диамонд» ассоциациясы
  • Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы
  • Кризистик борборлор ассоциациясы

Бул «Аялдарды  илгерилетүү үчүн!» Шайлоо алдындагы аракеттердин Платформасынын  эшиги башка коомдук уюмдардын кошулуусу,  ошондой эле  бул платформанын идеяларын колдогон жана  кызматташууга кызыккандардын баары  үчүн ачык.