Аялдарга жардам борбору 2002- жылдан 2011-жылга чейин 12 ирет Улуттук гендердик мектептерди өткөрдү. Анда жарандык сектордун активдери, жергиликтүү башкаруунун өкүлдөрү, мектептердин жана жогорку окуу жайлардын октуучулары, юристтер жана башкалар болуп 300 адам билим алышты. Жети күндүк бул окуп-машыгуунун катышуучулары андан ары Аялдарга Жардам Борборунун долбоорлору аркылуу өздөрүнүн максаттуу топторунда жана жамааттарында гендердик маселелерди чечүү боюнча өз алдынча иштерди жүргүзө алышат.
Гендердик Мектептин Усулу- эл аралык тажырыйбаларга, улуттук жана эл аралык документтерге, изилдөөлөргө жана жеке байкоолорго таянып иштелип чыккан уникалдуу азык болуп саналат. Окуп-машыгуунун форматы Кыргызстан калкынын менталитетиндеги өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен чоңдорду окутуунун интерактивдүү принциптерине негизделет жана окутуунун заманбап технологияларын (анын ичинде видеопрезентация жана реалдуу жашоодон алынган окуяларды колдонуу) пайдаланат.
2011-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн акыркы гендердик мектептин программасынын мазмуну аялдардын саясий жана экономикалык укуктары, адам укуктарын коргоонун улуттук жана эл аралык механизмдерине арналды. Улуттук гендер мектеби «Кыргызстандын жаңы контекстинде аялдардын саясий жана экономикалык укуктарын илгерилетүү» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Иш чара Гендердик Теңдикти Өнүктүрүү Фондусу (FGE, БУУ-Аялдар) тарабынан каржыланды.
Аялдарга жардам борбору мындан ары да Гендердик Мектептерди өткөрүүнү пландайт. Бул мектептерде жаңы усулдарды жана тематикаларды иштеп чыгуу, аймактардагы туруктуу эскперттердин потенциалын калыптандыруу маселелери каралмакчы. Мындан тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык секторунун уюмдары биздин окутуп-үйрөтүүнүн усулдарын үйрөнүүгө кызыгып жатышат.