Аялдарга Жардам Борборунун уюштуруучулук милдети жана миссиясы
Уюштуруучулук максаты
Ар бир адамдын ролун жана мүмкүнчүлүктөрүн түшүнүү аркылуу демократиялуу жана гумандуу коомду өнүктүрүү
Уюмдун миссиясы
Кыргызстандын демократиялык реформаларына активдүү катышуу жана адам укуктарын коргоо аркылуу гендердик теңдикти илгерилетүү
.Максаттуу топтор
Өзүбүздүн максаттуу топторубузду кантип тандадык? Булар өзгөрүүгө даяр, активдүү жашоо позициясында тургандар, көз карандысыз чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү, өзүнүн максаттуу жамаатына таасир эте алган адамдар. Мындан тышкары максаттуу топко зомбулуктун жана басмырлоонун кээ бир түрлөрүнөн (адамдарды соодалоо, үйбүлөдөгү зомбулук) жабыркагандар же жабыркоого дуушар болуп калуу коркунучу барлар да максаттуу топко киришет.
Лидер аялдар
- Фермерлер жана ишкер аялдар
- Айылдык жамааттар жана жергиликтүү бийлик
- Электорат
- Жаштар
- Гендердик, аялдар, жаштар жана башка БӨУлар
- Зомбулуктун жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүнөн жабыркагандар
- ММК
Ишмердиктин негизги багыттары
Аялдарга Жардам Борбору өзүнүн ишмердигинде гендердик маселелерди чечүүдө жарандык коомдун потенциалын жогорулатууну өтө маанилүү жана актуалдуу багыттардын бири деп эсептейт Бул милдетти ишке ашыруу төмөнкү иш чараларды аткаруу менен калктын гендердик сезимталдыгын көтөрүү жана коомдун ар кыл чөйрөсүнө гендердик ыкмаларды кийирүү болуп саналат:
- Гендердик окутуу
- Жарандык коомдун өкүлдөрүн гендердик маселелер боюнча маалыматтарды алуусун камсыз кылуу
- Мониторинг
Биздин ишибиздеги негизги милдеттердин бири гендер маселелери боюнча методологиялык жана маалыматтык базаны орус жана кыргыз тилдеринде кеңейтүү. Бул ишмердик төмөнкүдөй компоненттерден турат:
- Гендер боюнча маалыматтык базаны кеңейтүү, анын ичинде кыргыз тилиндеги материалдарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу
- Окутуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана аны практикада колдонуу, анын ичинде кыргыз тилинде да
- Жергиликтүү тренерлерди жана башка адистерди гендердик окуудан өткөрүү
- Жергиликтүү өзгөчөлүктү эске алуу менен гендердин ар кайсы аспекттери боюнча изилдөөлөрдү өткөрүү
Биздин ишибиздин дагы бир багыты улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик органдар менен иштөө. Кыргызстанда келечектүү гендердик саясат калыптанып калды. Бирок ошол эле учурда мамалекеттик мекемелерде гендердик ыкмаларды кийирүүдө формалдуулук жана компетентсиздик учурлары тез-тез кездешет. Биздин уюмдун милдети мамлекеттик органдардын гендердик саясатты калыптандыруусуна жана жүзөгө ашыруусуна өбөлгө болуу. Бул милдетти аткарууну биз мындан көрөбүз:
- Улуттук гендер саясаты боюнча маселелерди талкуулоого катышуу.
- Мамлекеттик мекемелердин кадрларын, тактап айтканда гендер маселелери боюнча адистерди окутуу.
Аялдардын укуктарын эл аралык деңгээлде коргоонун негизги юридикалык документи болуп Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндөгү Конвенция (CEDAW) , ошондой эле ага карата кабыл алынган Факультативдик Протокол болуп эсептелет. Бул Кыргызстан тарабынан 1997-жылы кабыл алынган. АКБ өзүнүн ишмердигинде бул аталган документтерге таянат. Мындан тышкары уюм CEDAW Конвенциясынын аткарылышна мониторинг жүргүзөт жана анын идеяларын коомдо ар дайым жайылтып келет. Тактап айтканда:
- Калкты Корутунду рекомендациялар аркылуу Кыргыз Республикасынын убадалары жөнүндө маалымдар кылуу
- CEDAW нун жана ФПнын идеяларын активдүү жайылтуу жана алардын, анын ичинде CEDAW Комитетинин рекомендацияларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү
- Аялдарга карата зомбулукка каршы туруу
- Аялдардын саясий укуктарын коргоо жана шайлоо процесстери аркылуу алардын өкүлчүлүгүн көбөйтүү
- БУУнун CEDAW Комитетине аялдардын акыбалы жана Конвенция боюнча Кыргызстандын берген убадаларынын аткарылышы жана бул процесске жергиликтүү өкүлдөрдүн мониторингин тартуу менен альтернативалык маалыматтарды даярдоо жана жиберүү.
- Окутууларды өткөрүү жана аялдардын укуктарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу CEDAW нун жоболоруна жана аялдардын укуктарынын өзгөчөлүгү жана мамлекеттин аны аткаруу боюнча убадалары тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүү.
- Гендердик мамилелер боюнча проблемалар тегерегинде ырааттуу изилдөөлөрдү өткөрүү.
Мүчөлүк
Аялдарды Колдоо Борбору улуттук жана эл аралык тармактардын мүчөсү:
- Кыргызстандын БӨУлар Кеңеши (Альтернативалык отчетту даярдоо боюнча)
- Кыргызстан Аялдарынын Мыйзамдык Демилгелеринин Альянсы
- International Women’s Rights Action Watch Asia Pacific (IWRAW-AP)
- KARAT Coalition
- Women in Development Europe (WIDE)