Эрте никеге туруу көйгөйүн биргелешип токтотолу

Эрте никеге туруу көйгөйү коомчулукта бир топ убакыттан бери талкууланып келет. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1 беренесине ылайык 18 жашка  чейинки нике — кылмыш болуп саналат. Бул багытта  Бишкекте  “Жашы жете элек жарандардын никеге туруусуна тыюу  салуу” жөнүндө Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ эрте никеге турууну алдын алуу жана болтурбоо маселеси боюнча министрликтер жана мекемелердин ченемдик укуктук актыларын даярдоону пландаштырууда.  Аталган  топтун курамына Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги,  Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаал министрлиги, Билим берүү жана илим министрилиги ж.б. мекемелер кирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аталган мыйзамды элге жеткирүү максатында чоң маалымат кампаниясы  болуп өткөн. Маалымат кампаниясынын алкагында мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүм кыздарды күйөөгө берүүнү токтотуу боюнча дагы кошумча укук ченемдик актылардын жетишсиздиги айкын болду.

ПРООН менен Улуу Британиянын  колдоосу менен жетишпеген  ченем укук актыларын, аны иштетүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө кошумча семинардын, жана алыскы чек арада жайгашкан айыл жашоочулар үчүн дагы маалымат кампаниясын өткөрүү иш- чараларын камтыган долбоорду «Аялдарды колдоо борбору» уюму тарабынан ишке ашырыла турганын- долбоордун координатору Аджиева Элиза айым билдирди. Уюмдун өкүлдөрү балдардын никеси — бул адамдардын негизги укуктарын бузуу, жашы жете электер никенин кесепеттерин аңдап биле алышпай турганын айтышат.

Эрте никеге турууну алдын алуу маселеси боюнча жумушчу топко кирген  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө 18 жашка чейин нике турган  аялдар  12,2%ы түзөөрүн, бул көрсөткүч  айыл жеринде 14,2%,  ал эми 25% аялдар 15 жаштан 49 жаш куракта  физикалык же ар түрдүү сексуалдык зомбулукка кабыларын  билдирет. Ошондой эле 7%  көрсөткүчтө аялдар кош бойлуу кезинде физикалык зомбулукка тушугаары белгиленген. Ага кошумча, министрликте  балдар үчүн «ишеним телефону»  иштейт. Мында өспүрүм курагында никеге мажбурлоо фактысы боюнча  кайрылууга болот.  «Ишеним телефонунда» атайын  адистер керектүү кеңештерин берет.

Ал эми Мамлекет гендердик маселелерди чечүү багытында  Кыргыз Республикасынын 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегиясынын планын иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өлкөдө  гендердик теңчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында Өкмөттүн Токтому кабыл алынган.  Бул — Стратегия   гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Кыргызстандагы биринчи узак мөөнөттүү документ болуп саналат, ал мамлекеттин көз карандысыздыгынын 20 жылы ичинде ишке ашырылган гендердик саясатынын уландысы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы Пекин иш-аракеттер платформасына кошулуп, аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны (CEDAW) кошкондо бир катар эл аралык конвенцияларды бекитти жана Миң жылдыктын декларациясына кол койду. Мунун натыйжасында мамлекет өзүнө эл аралык саясий жана юридикалык милдеттенмелерди алды, анын ичинде Кыргыз Республикасы БУУнун келишим органдары алдында мезгил-мезгили менен отчет берип тура турган болду. Нормативдик-укуктук база түзүлүп, «Эркектер менен аялдарга бирдей укук менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» жана «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын негиз болуучу мыйзамдары кабыл алынган. Жумушчу топтун курамындагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү эрте никеге туруу маселесин жеринде чечүү туура болот дейт. Мында жергиликтүү бийлик органдары менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүү натыйжалуу болоорун белгилейт.  Жалпылап айтканда “Жашы жете элек жарандардын никеге туруусуна тыюу  салуу” жөнүндө Мыйзамды ишке ашыруу гендердик маселелердин чечилишине жардам болоору, эрте никеге туруу азаяры белгилүү.

Ден соолук  жабыркайт

Дарыгер Г.Качкынова эрте турмушка чыгуу же эрте куракта турмуш курган жигиттин физалогиялык саламаттыгына терс таасир берээрин айтат. Анткени, кыз же жигит болобу эрте куракта никеге туруу ден соолукка залалын тийгизерин, ага кошумча психологиялык тараптан да  соккуга кабыларын белгилешет. “Медицинада эрте нике туруп, бала төрөө эне баланын саламттыгы үчүн кооптуу. Секелек курагынада турмушка чыккан кыз эч нерсеге даяр эмес болот. Анан кантип төрөйт. Организм толук жетилиши керек. Өзү бала болуп, кантип бала бага алат”, — дейт дарыгер.

Жашы жетпеген кыздарды күйөөгө берүү көрүнүшү, анын кесепеттери болгон жаш энелердин төрөт учурдагы өлүмү, жана ымыркайлардын өлүмү боюнча, Орто Азиямамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи орунда турганын  Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештик өлкөлөрүндөгү аялдар  менен эркектер  статистикасында жана  КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык Комитетинин маалыматында берилген.  Өспүрүм кыздарыбызды эрте турмушка берүүдө жогоруда айтылган өмүрүнө коркунуч туудурган тобокелчиликтен башка да төмөнкүдөй келечегине тийгизген кесепеттер бар экенин жарандык коомдун өкүлдөрү   2011- жылдан бери жыл сайын өткөрүлгөн ар кандай социологиялык изилдөөлөргө таянып, элге коңгуроо кагып келет:

  • секелек кыздардын балалыгынан ажыратат
  • укугунун бардык түрлөрү бузулат
  • ден-соолугуна да коркунуч туудурат
  • билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат
  • жаштыгына жана турмуш тажрыйбасы жоктугуна карата ар кандай турмуштагы зомбулукка туш келет
  • билими жоктугуна байланыштуу жакшы жумуш таба албайт жана жакыр турмушка туш келиши мүмкүн
  • бала төрөт курактагы аялдардын саны азайышына алып келет

 

Мындай кесепеттердин алдын алуу максатында мамлекеттик органдар да 2016-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ата-энелердин, диний кызматчылардын жана жашы жете элек адамдарга карата никеге турууга диний каада жүргүзүүгө тыюуу салган мыйзамдын иштешине кызыкдар. Аны көп иш- чараларды камтыган  өзүнчө Иш-аракеттер   Планын да  Кыргыз Өкмөтү тарабынан бекитилгендиги далил.

Кыздар  турмушка чыгууга шашпагыла

Болочоктогу эне билимдүү болушу керек. Жаштар менен иш алып барган психологдор турмушка чыгып жатканда шашпай чечим кабыл алгыла дейт. Эми сөздүн баардыгы биздин калктын, ата-энелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, аялдар жана аксакалдар кеңеши сыяктуу коомдук элдин өкүлчүлүгүнүн аң сезиминен көз каранды экенин айткыбыз келет.