Бишкектеги жаңы конуштардын жашоочуларына үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо методдору жөнүндө айтып беришет  

Бишкек – “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмеси USAIDдин Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда үй-бүлөдөгү зомбулукту  алдын алуунун жана болтурбоонун эффективдүү каражаты катары “Үй-бүлөдө зомбулукту болтурбоо боюнча комитет” (ҮЗБК[1]) деген аталыштагы үч айлык долбоорду ишке ашырууну баштады, ал 2018-жылдын декабрынан 2019-жылдын февралына чейинки мезгилде жүргүзүлөт.

 

Долбоор үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын-алуу жана болтурбоо  максатында “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана Бишкек шаарындагы Ак Босого, Калыс Ордо, Көлмө жаңы конуштарындагы  ҮЗБКнын ишин активдештирүүгө багытталган.

 

Долбоордун алкагында, “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” эл аралык кампаниясынын максаттарына ылайык, ҮЗБКнын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатууга жана үй-бүлөдөгү зомбулукту  жоюу боюнча алардын демилгелерин ишке ашырууга багытталган тренингдер өткөрүлөт. Андан тышкары, жаш келиндер жана аялдар (кайын энелер), ошондой эле жигиттер, кыздар жана жаш үй-бүлөлөр үчүн окутуучу иш-чаралар өткөрүлөт, бул болсо үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоо маселелери боюнча алардын кабардар болуусун жогорулатууга багытталат. Бардыгы болуп үч жаңы конуштардан 96 аял жана 120 кыз-бала окутулат, алар үй-бүлөдө зомбулук болгон учурларда өзүн кантип алып жүрүү керектиги боюнча көндүмдөрдү жана билимдерди, ошондой эле зомбулуктун курмандыктарынын да, үй-бүлөдө зомбулук жасап жаткан адамдардын да түшүнүгүн жана жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган билимдерди алышат.

 

Коомчулуктун үй-бүлөдөгү зомбулуктун учурдагы проблемалары жана ҮЗБКнын үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбоого жана алдын алууга багытталган иши жөнүндө маалымдар болуусун жогорулатуу үчүн Аялдарды колдоо борбору жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү менен иштеп, ошондой эле телекөрсөтүүдө, радиодо, басма-сөздө жана социалдык тармактарда берүү менен жаңы конуштарда өткөрүлүп жаткан ишти үзгүлтүксүз чагылдырып турат.

 

Биргелешип башкаруу программасы (ББП) жарандык коомдун, менчик сектордун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эффективдүү кызматташтыкка көмөктөшөт. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат жана Ист-Вест Менеджмент Институт (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

[1] Үй-бүлөдө зомбулукту болтурбоо боюнча комитет (ҮЗБК) – бул “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” жаңы КР Мыйзамы менен жаңы киргизилген, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде түзүлөт.