“Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алууда жана жоюуда аялдар кеңештеринин ролун күчөтүү” тренинги
Нарын жана Чүй облустарынын Аялдар кеңештери үчүн “Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алууда жана жоюуда аялдар кеңештеринин ролун күчөтүү” тренинги аяктады.
 
Аялдар кеңешинин мүчөлөрү ролдук оюн учурунда практикалык көнүгүүлөрдү жасап, компетентүү психологдун кеңештеринин жардамы менен зордук-зомбулукка кабылгандарга алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү ыкмаларын иштеп чыгышты.
 
GALS ыкмасы боюнча «Кыялга жол» ыкмасы аркылуу активисттер гендердик зомбулуктун алдын алууда Аялдар кеңешинин ролуна жана иш-аракеттерине талдоо жүргүзүштү.
Ошондой эле, мындан аркы кадамдарды жана иш-чаралардын планын аныктоо максатында Аялдар Кеңешинин мүчөлөрү гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча коомдун мамлекет, бизнес сектор жана жарандык коом сыяктуу структуралары менен кызматташуунун негизги жолдорун аныкташты.
______________________________________________
 
Тренинг «Тендик Нуру» демилгесинин алкагында UNODC in Central Asia колдоосу менен «Гендердик зомбулукту алдын алууда аялдар кеңештеринин ролун күчөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.