Аймактарда аялдардын демилгелуу топтору тузулду

Аялдарды колдоо борбору ЕККУнун Программалык кенсесинин колдоосу менен, 13-15- августта «Аялдардын демилгелүү топторунун КРда тынчтыкты орнотууда жана аялдардын укуктарын илгерилетүүдөгү ролу” аттуу тренерлер үчүн тренингин откорду.

Тренингдин негизги максаты: Талас, Нарын жана Чуй областтарында аялдардын демилгелуу топторун тузуу жана потенциалын жогорулатуу.

Аталган иш-чарага региондон келген 20 лидер айым катышып, гендердик тенчилик, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюу, тынчтыкты орнотуу, аялдардын лидерлигин оркундотуу боюнча маалымат алышты.

Тренингдин жыйынтыгында демилгелуу топтордун иштоо Жобосу кабыл алынып,жылдык планы иштелип чыкты. Жылдык пландын алкагында, аялдардын демилгелуу топтору жер-жерлерде бир жыл бою  зордук зомбулукту алдын-алуу, тынчтыкты орнотуу жана аялдардын саясий укуктарын илгерилетуу боюнча иш алып барышат.