Оторова Лаазым — Эне Сай жаны конушунун уй-болулук зомбулукту токтотуу комитетинин торайымы. “2020-жылдан баштап иштеген үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу комитетинин «Жигердүү жарандар» программасы карантин учуруна туш келип, аз камсыз жана зомбулукка кабылган жарандар менен иштешүүгө чоң салым кошту. Зомбулукка кабылгандар карантин учурунда салыштырмалуу көбүрөөк кездешти. Мурун эртеден кечке жумушта, балдар сабакта жүрүп үй-бүлөсү менен анча иши болбогон ата энелер карантин учурунда дээрлик үйдө отуруп калуусу жана азык- түлүктүн тартыштыгы да келишпестикке, уруш талашка алып келди. Долбоордун алкагында өтүлгөн тренингдер, пайдалуу кеңештер үй-бүлөлөрдүн жашоосуна пайдасы тийди, КОВИД-19 учурунда коомчулук менен иштөөдө, өзгөчө үй-бүлөлүк зомбулуктуу токтотууда санитардык абалды сактоого үйрөттү. Ошондой эле зомбулукка кабылган аялдар менен психотерапия ыкмасы менен тренинг өтүп аялдардын жан дүйнөсүн дарылоосу өзгөчө айтарлык. Бул ыкма аялдарга жакшы таасир калтырганын өздөрүнчө келип бизге айтып, дагы ушундай тренинг болсо жакшы болот эле деп кетишти. 2019-жылы комитетке жалпы 45 аял кайрылса, 2020-жылы 60-100кө саны өстү. Комитеттин иш аракеттери өтө олуттуу жана жоопкерчиликтүү, ҮБЗТК көп адамдарга жардам берди. Ар бир бала ата-энеси менен бактылуу үй-бүлөдө өсүшү үчүн жана ар бир аял жары менен жакшы жашоосуна баарыбыз бирге кам көрөлү!”
@Проект USAID «Жигердуу жарандар»
@USAID Kyrgyz Republic